228-статья. Ташылып келүүчү товарлар менен бүтүмдүн баасы боюнча
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы · 32-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
усул
1. Ташылып келүүчү товардын бажы наркы болуп ташылып келүүчү товар Кыргыз Республикасынын бажы чегарасынан өткөн учурга карата Кыргыз Республикасына экспортко сатылган учурда ал үчүн ушул статьянын жоболорун эске алуу менен оңдоо киргизилген бүтүмдүн баасы, төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон баа саналат.
Товардын бажы наркын аныктоо учурунда бүтүмдүн баасына, эгерде алар мурда киргизилбеген болсо төмөнкүдөй компоненттер киргизилет:
а) товарды аэропортко же Кыргыз Республикасынын бажы аймагына товарды ташып кирүүчү башка жерге жеткирүү боюнча чыгашалар:
ташуунун наркы; товарларды жүктөө, жерге түшүрүү, кайра жүктөө жана которуп өткөрүү боюнча чыгашалар; камсыздандыруу суммасы;
б) сатып алуучу тарткан чыгашалар:
комиссиялык жана брокердик сый акылар, буга товарды сатып алуу боюнча комиссиялык акы кирбейт; эгерде товардык номенклатурага ылайык контейнерлер жана (же) башка көп жүгүртүлүүчү идиштер, баа коюлуучу товарлар менен бир бүтүн катары каралса алардын наркы; таңгактын наркы, анын ичинде таңгактоочу материалдардын жана таңгактоо боюнча иштердин наркы;
в) баа коюлуучу ташып чыгылуучу товарларды өндүрүүгө же сатууга байланыштуу пайдалануу үчүн акысыз же төмөндөтүлгөн баа боюнча сатып алуучу тике же кыйыр берген төмөнкүдөй товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын тиешелүү бөлүгү:
баа коюлуучу товарлардын курамдык бөлүгү болуп саналган чийки зат, материалдар, тетиктер, жарым фабрикаттар жана башка комплекттөөчү буюмдар; баа коюлуучу товарларды өндүрүүдө пайдаланылган шаймандар, штамптар, формалар жана башка ушундай буюмдар; баа коюлуучу товарларды өндүрүүдө чыгашаланган материалдар (майлоочу материалдар, күйүүчү май жана башкалар); Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан тышкары жерде аткарылган жана баа коюлуучу товарларды өндүрүү үчүн түздөн-түз зарыл болгон инженердик иштетүү, тажрыйба - конструктордук иштер, дизайн, көркөм жасалгалоо эскиздер жана чиймелер;
г) баа коюлуучу товарларды сатуунун шарты катарында сатып алуучу тике же кыйыр жүзөгө ашырууга тийиш болгон интеллектуалдык менчик объекттерин пайдалануу үчүн лицензиялоо же башка төлөмдөр;
д) Кыргыз Республикасынын аймагында баа коюлуучу товарларды кийин кандай гана болбосун кайра сатуудан, өткөрүп берүүдөн же пайдалануудан алынган сатуучунун тике же кыйыр кирешесинин тиешелүү бөлүгү.
Ушул статьяда көрсөтүлгөндөн тышкары товардын төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон баасына үстөк акы кошулуп эсептелиши мүмкүн эмес.
2. Аталган усул товардын бажы наркын аныктоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес, эгерде:
а) баа коюлуучу товарды тескөөгө же пайдаланууга сатып алуучунун укуктары жагынан чектөөлөр бар болсо, буга төмөнкүдөй учурлар кирбейт:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөр; товарлар кайра сатылышы мүмкүн болгон географиялык региондун чектөөлөрү; товардын баасына олуттуу таасир этпеген чектөөлөр;
б) сатуунун жана бүтүмдүн баасы таасири эске алынышы мүмкүн болбогон шарттарды сактоого байланыштуу болсо;
в) товардын бажы наркын билдирүүдө декларант пайдаланган маалыматтар документтер менен тастыкталбаса же сан жагынан аныкталган жана ишенимдүү деп саналбаса;
г) бүтүмдүн тараптары өз ара байланыштуу болуп саналса жана бүтүмдүн баасы ушул статьянын талаптарына ылайык бажы наркын аныктоо үчүн негиз катарында алгылыктуу болуп саналбаса.
Мында төмөнкүдөй белгилердин жок дегенде бирин канааттандырган жактар өз ара байланыштуу жактар деп түшүнүлөт: бүтүмдүн катышуучуларынын бири (жеке жак) же бүтүмдүн катышуучуларынын биринин кызмат адамы бир эле учурда бүтүмдүн башка катышуучусунун кызмат адамы болуп саналса; бүтүмдүн катышуучулары ишкананын тең ээлери болуп саналса; бүтүмдүн катышуучулары эмгектик мамилелер менен байланышса; башка жак бүтүмдүн катышуучуларынын биринин уставдык капиталында добуш берүү укугу менен салымдын (пайдын) же акциялардын кеминде беш пайызына тике же кыйыр түрдө ээ же контролдук кылса; бүтүмдүн эки катышуучусу тең үчүнчү жактын түздөн-түз же кыйыр контролдугунда болсо; бүтүмдүн катышуучулары үчүнчү жакты түздөн-түз же кыйыр түрдө бирге контролдосо; бүтүмдүн катышуучуларынын бири бүтүмдүн башка катышуучусунун түздөн-түз же кыйыр контролдугунда болсо; бүтүмдүн катышуучулары же алардын кызмат адамдары тууган болуп саналса.
3. Бүтүмдүн катышуучуларынын өз ара байланышы бар экендигинин далили бүтүмдүн баасын алгылыктуу эмес деп эсептөө үчүн жетиштүү негиз болуп саналбайт.
Мындай учурда бүтүмдү коштогон жагдайлар иликтенүүгө, ал эми анын баасы, эгерде өз ара көз карандылык баага таасир этпеген болсо, бажы наркын аныктоо үчүн алгылыктуу деп табылууга тийиш. Эгерде бажы органында бүтүмдүн катышуучуларынын өз ара көз карандылыгы товардын баасына таасир этти деп болжолдоого негиз бар болсо, мындай учурда декларантка (декларанттын өтүнүчү боюнча - жазуу жүзүндө) сунуш берилет. Мында декларантка 90 күндүн ичинде жооп берүү үчүн мөөнөт берилет. Декларанттын өтүнүчү боюнча бажы наркын аныктоонун негизи катары бүтүмдүн баасы кабыл алынат, эгерде декларант ал баа болжол менен ошол эле учурда белгиленген төмөнкүлөрдүн бирине жакын экендигин документ менен тастыктаган маалыматты берсе:
а) өз ара көзкаранды болуп саналбаган катышуучулардын ортосундагы окшош же бир тектүү товарлар менен бүтүм боюнча наркка;
б) наркты кемитүүнүн негизиндеги усул боюнча аныкталган окшош товарлардын же бир тектүү товарлардын бажы наркына;
в) наркты кошуунун негизиндеги усул боюнча аныкталган окшош же бир тектүү товарлардын бажы наркына.
Декларант салыштыруу үчүн бааларды бергенде аларга тиешелүү оңдоо киргизүү ушул статьянын 1-пунктунда саналып өткөн коммерциялык деңгээлдеги (дүң, чекене), сан жагынан, башка элементтериндеги айырманы, ошондой эле, эгерде өз ара көзкаранды болуп саналбаган жактардын ортосундагы бүтүм учурунда келип чыккан, сатуучунун башка чыгымдары өз ара көзкаранды жактардын ортосундагы бүтүм жасоо учурунда сатуучу тарабынан жүргүзүлгөн болсо мындай чыгашаларды эске алуу менен жүргүзүлөт. Жогоруда аталган учурда декларант берген маалымат салыштыруу максатында гана пайдаланылат.
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
228-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Инструкция о методике определения таможенной стоимости ввозимых товаров в Кыргызскую Республику" (Постановление Правительства КР от 28 декабря 2004 года № 961)Инструкция · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 11 марта 2005 года № 123 "О мерах по реализации требований Таможенного кодекса Кыргызской Республики"Постановление · 11.03.2005 · № 123 · Күчүн жоготкон
- Порядок таможенного оформления и таможенного контроля международных почтовых отправлений и периодических изданий" (Постановление Правительства КР от 28 декабря 2004 года № 961)Порядок · 28.12.2004 · № 961 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1587/st-228" title="228-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>