Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинини 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722, 2024-жылдын 10-майындагы № 233, 2024-жылдын 27-августундагы № 508, 2025-жылдын 17-июнундагы № 347 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн ушул тартиби (мындан ары - Тартип) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларга жана чарбакер субъекттерге жер казынасын пайдалануу укугун берүү маселелерин жөнгө салат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларга жана чарбакер субъекттерге төмөнкүлөр берилиши мүмкүн:
- жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участоктору;
- аукциондук жер казынасынын участоктору.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Тартиптин 2-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын участокторун берүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Бул учурда конкурс жана/же аукцион өткөрүү талап кылынбайт, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү конкурс өткөрүүгө теңештирилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларга жана чарбакер субъекттерге жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө маселени демилгелөө үчүн негиз алардын кайрылуусу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кайрылуу мамлекеттик же расмий тилдеги кат түрүндө, жетекчинин колу коюлган расмий бланкта түзүлөт, анда төмөнкүлөр камтылышы керек:
- жер казынасынын участокторунун аталышы;
- жер казынасынын участоктору жайгашкан жер;
- жер казынасын пайдалануунун түрү.
- 2006-жылдын (Kyrg-06) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер;
- жер казынасынын участогунун өлчөмү (аянты га менен);
- мурда ишке ашырылган же азыркы учурда ишке ашырылып жаткан жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү долбоорлор жөнүндө маалыматты берүү менен инвестордун кен казуу чөйрөсүндөгү 5 (беш) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (геологиялык иштерди жүргүзүүгө же кенди иштетүүгө инвесторлор тартылган учурда);
- инвестордун финансылык жөндөмдүүлүгү (геологиялык иштерди жүргүзүүгө же кенди иштетүүгө инвесторлор тартылган учурда).
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Катка милдеттүү түрдө төмөнкүлөр тиркелиши керек:
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арыз ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимдин (протоколдун) же коллегиалдуу же жалгыз аткаруучу органды түзүү жөнүндө башка документтин (контракттын, келишимдин) көчүрмөсү.
- уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишкананын же чарбакер субъекттин эсептешүү эсеби бонус төлөө, жер казынасын толук көлөмдө пайдалануу укугунун биринчи жылы үчүн лицензияны кармап туруу үчүн жыйым төлөө жана тиешелүү иштерди жүргүзүү (инвесторлорду тартуу менен геологиялык иштер жүргүзүлгөн же кен иштетилген учурда) үчүн зарыл болгон суммага толукталгандыгы жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканалардын жана чарбакер субъекттердин кайрылуусу жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Кайрылуу "биринчи берилген өтүнмө" принциби боюнча каралат. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун демилгелөөдөн баш тартуунун негизи төмөнкүлөр болуп саналат:
- ушул Тартиптин 5-пунктуна туура келбеген кат берүү;
- ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин толук эмес тизмесин берүү;
- катта жана тиркелүүчү документтерде ачык каталардын же тастыкталбаган оңдоолордун (мөөрдүн изи, датасы жана мазмуну) бар экендиги;
- эгерде жер казынасынын билдирилген участогуна пайдалуу кендердин 2-тобуна таандык жер казынасынын бөлүгүн кошпогондо, ошол эле пайдалуу кендердин тобуна лицензия берилген болсо.
- жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторунун реестринде же аукциондук объекттердин реестринде жер казынасынын билдирилген участогунун жоктугу;
- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасынын билдирилген участогунун экономикалык жана экологиялык рентабелдүү эместигинин негизинде өтүнмөнү кароодон баш тартууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 30 календардык күндүн ичинде баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат жана баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен жер казынасын пайдалануу укугун берүүдөн баш тарткандыгы тууралуу кат жиберет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 10-майындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканага жана чарбакер субъектке берүү максатында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиешелүү тескемесинин долбоорун даярдайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканага жана чарбакер субъектке жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бекитүүсүнө киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-декабрындагы № 722 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети суралган участокко карата жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканага жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъектке жер казынасын пайдалануу укугун берүү чечимин кабыл алса, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 14 (он төрт) жумуш күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берет же жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоо жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 508 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторуна берилген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга иштерди долбоорлоого лицензиялык макулдашуу 2 (эки) жылга чейинки мөөнөткө бир жолу узартуу укугу менен 2 (эки) жылдык мөөнөткө берилет.
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканага же уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъектке карата лицензиялоонун же жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерди мамлекеттик каттоонун башка маселелери жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жалпы тартипте каралат. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 26
Шилтеме берет (5)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү…Постановление · 23.08.2021 · № 148
5 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (26)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
- Министрлер Кабинетининжер 2022-жылдын 16-февралы № 67-т "жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө" ТескемесиРаспоряжение · 16.02.2022 · № 67-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-мартындагы № 84-т (Кыргыз Республикасынын Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине…Распоряжение · 05.03.2024 · № 84-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-ноябрындагы №702-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 17.11.2023 · № 702-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-февралындагы № 62-т "Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна…Распоряжение · 15.02.2022 · № 62-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 138-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 24.03.2022 · № 138-р
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-мартындагы № 139-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) ТескемесиРаспоряжение · 24.03.2022 · № 139-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 225-т ( Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу ) тескемесиРаспоряжение · 26.04.2022 · № 225-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-майындагы № 294-т (Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан Текелик көмүр кенин иштетүүгө жер казынасын пайдалануу…Распоряжение · 31.05.2022 · № 294-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 9-сентябрындагы № 474-т (Кара-Кече көмүр кенинин "Чыгыш" жана "Батыш" участокторун иштетүүгө жер казынасын пайдалануу…Распоряжение · 09.09.2022 · № 474-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 594-т (Түндүк Сох кенинин аянтын иштетүүгө жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 02.11.2022
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2-ноябрындагы № 595-т (Чоңгара-Гальча кенинин аянтын иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө)…Распоряжение · 02.11.2022 · № 595-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-октябрындагы № 570-т ("Сасык-Үңкүр" мрамор акиташынын аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер…Распоряжение · 20.10.2022 · № 570-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 34-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 02.02.2023 · № 34-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-февралындагы № 35-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 02.02.2023 · № 35-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-мартындагы № 97-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 06.03.2023 · № 97-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 6-мартындагы № 96-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 06.03.2023 · № 96-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-майындагы № 291-т ("Кыргызалтын" ачык акционердик коомуна жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 30.05.2023 · № 291-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-июнундагы № 325-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 13.06.2023 · № 325-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 30-майындагы № 295-т (Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 30.05.2023 · № 295-р
26 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.