Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар «Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коомуна жер казынасын пайдалануу укугу беруу жонундо» тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2022-жылдын 15-февралы № 62-т Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-1-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттин 100 пайыз катышуу үлүшү бар "Улуу Көчмөндөр Мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомуна төмөнкүдөй максаттарда жер казынасын пайдалануу укугу берилсин:
- тик бурчтуу координаттар тутумундагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Андаш алтын жана жез кенин иштетүү:
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары
Чекиттер №
X
У
1
13333258
4710253
2
13334332
4710003
3
13334050
4709232
4
13331742
4709802
Аянты 91,4 га
- тик бурчтуу координаттар тутумундагы төмөнкүдөй бурчтук чекиттери бар, Талас облусунун Талас районунда жайгашкан Андаш аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү:
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары
Чекиттер №
X
У
1
13325160
4715813
2
13335945
4708510
3
13330975
4708205
4
13327175
4709030
5
13327690
4713275
6
13335795
4712535
Аянты 43,56 км2 (4356,0 га)
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер казынасынын объекттерине лицензияларды берсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү…Постановление · 23.08.2021 · № 148
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.