Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Кыргыз Республикасынын Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан “Арпатала” көмүр аянтынын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуу берүү жөнүндө) тескемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2024-жылдын 5-марты № 84-т Кыргыз Республикасынын андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 251-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча берүү тартибине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттери бар, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан “Арпатала” көмүр аянтынын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуу берилсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайгашкан “Арпатала” көмүр аянтынын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер
Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары
Чекиттер №
X
Y
1
12751137
4389454
2
12751705
4390109
3
12754065
4390900
4
12754763
4390839
5
12754230
4390522
Аянты 134,8 га
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү…Постановление · 23.08.2021 · № 148
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.