Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31 июлундагы № 549 «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Арапбаев демилгелеген „Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2015-жылдын 31 июлу № 549 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Арапбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Арапбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-июлундагы № 549 токтому менен жактырылган
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.А.Арапбаев демилгелеген, жаңы жабдууларды пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын аймагында өздүк өндүрүштөгү товарларды чыгаруу жана сатуу, анын ичинде товарларды кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган товарларды чыгаруу жана сатуу боюнча иш жүргүзгөн ата мекендик уюмдар үчүн 0 пайыз өлчөмүндөгү пайдага өндүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн кирешенин суммасы 170000000 сомдон кем болбогон; киреше салыгынын төлөм суммасы 150000 сомдон кем болбогон; уставдык капиталдын төлөмү 10000000 сомдон кем болбогон учурда салык колдонууну караштырган "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүнү билдирет. Ушуга байланыштуу, айрым чарба субъекттерине берилүүчү каалагандай салыктык жеңилдиктер, салык салуунун негизги принциптеринин бири болгон, бардык чарба субъекттери үчүн чарба жүргүзүүнүн бирдей шарттарын жана адилеттүүлүк, тең укуктуулук принциби боюнча айрым чарба субъекттеринин ортосунда салыктарды бөлүштүрүү механизмин түзүүнү шарттаган, адилеттүүлүк принцибин бузууга алып келээрин белгилөө зарыл. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 10-беренесине ылайык, жеке мүнөздөгү салыктык жеңилдиктерди берүүгө тыюу салынат. Мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн критерийлерге шайкеш келген ишканаларга жеңилдик берүү чакан жана орто ишкердик субъекттердин укугун басынтууга алып келет. Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу пайдага салыктарды башкарууда кыйынчылыктарды пайда кылат, бул пайдага салык төлөөдөн качуу боюнча өзүнчө схемалардын пайда болушуна мүмкүндүк берет, анткени товарларды өндүрүү жана сатуу процессинде жаңы же эски жабдууларды пайдалангандыгын аныктоого кыйын болот жана иш жүзүндө мүмкүн эмес, себеби, салык кызматынын кызматчылары атайын техникалык билимге ээ эмес. Мисалы, тигүү өндүрүшүн алсак, продукцияны чыгаруу процессинде жабдуулардын ар кандай түрү колдонулат (тигүү машинасы, оверлок, бычуучу жабдуулар жана башкалар). Ошондой эле мыйзамдын долбооруна ылайык салык төлөөчү ар бир беш жылдык салыктык мезгилдин жыйынтыгы боюнча, тактап айтканда беш жылдын ичинде алган пайдасына карата салык салуу тартибин (0 пайыздык) колдонуу укугуна ээ боло турганын белгилөө зарыл. Сунушталган мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда каалаган ири ишкана, аны оңой эле салыктык амалга айландырып алышы мүмкүн, тактап айтканда финансылык отчетту даярдоодо мыйзамды бузбастан, мыйзамдагы көрсөтмөлөрдү сактабай коюуга техникалык мүмкүнчүлүк түзүлөт, мисалы, чыгарылган жаңы идентификациялык жылын белгилөө менен жабдуунун тышын жаңыртып коёт. Типографиялык жабдуулар менен жабдууларга карата жаңы техникалык паспорт даярдоо жана чыгымдарды жасалмалоо көпчүлүк ишканалар үчүн коррупциялык системанын шартында кыйынчылык деле туудурбайт. Мыйзамдын долбоорунда пайда салыгын төлөөдөн бошотуу үчүн бир нече шарттар каралган жана шарттардын бардыгы жалпы сакталган учурда гана чарба субъекти жеңилдиктерди алат, бирок аталган көрсөткүчтөрдү аныктоого негиз болгон эсептөөлөр жана баштапкы статистикалык маалыматтар келтирилбегендигин белгилөө зарыл. Бул жерден дагы бир маселени белгилеп кетүү керек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 токтому менен бекитилген Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө жобого ылайык ири салык төлөөчүлөргө акыркы 12 айдын ичинде товарларды сатуудан, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдөн алынган каражаттары 2,5 млн. сомду түзгөн жана менчик активдеринин наркы 5,0 млн. сомдон ашкан чарба жүргүзүүчү субъекттер кирет. Ошону менен бирге, мыйзамдын долбоорунун демилгечиси тарабынан келтирилген маалыматтарга ылайык, мыйзамдын долбоорун ишке киргизүү менен иш жүзүндөгү экономикалык натыйжаларды баалоого мүмкүн эмес. Ошол эле учурда, долбоорду кабыл алууда бюджеттин киреше бөлүгүн жоготууларга жана системалык коррупцияны чыңдоого алып келүүчү тобокелдиктер жок эмес. Белгилей кетчү нерсе, салык чөйрөсүндө мыйзамдык демилгелерди кабыл алууда, жалпысынан өлкөнүн бирдиктүү экономикасы менен өз ара байланыштуу салыктык оорчулуктарды азайтуу маселесин караган комплекстүү мамилелер зарыл. Ставкаларды азайтуу, кандайдыр бир салыкты жокко чыгаруу же салык төлөөдөн бошотуу үчүн, алгач, бюджеттик кирешелердин түз жоготууларын компенсациялоо боюнча тийиштүү альтернативалык булактарды аныктоо зарыл. Андай болбосо, бюджеттик каражаттардын кескин чектелген шарттарында бюджеттин киреше бөлүгү азайса, экономикалык жана социалдык терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча белгилей кетсек, ЖЖТ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасынын талаптарына жооп бербейт, анын 13-пунктуна ылайык жөнгө салуучу таасирин талдоо мамлекеттик жөнгө салууну өзгөртүүнү болжолдогон, "баарын мурдагыдай калтыруу керек" деген вариантынан башка дагы экиден кем эмес башка варианттарды өзүнө иштеп чыгууну камтышы керек. Мында ар бир вариант үчүн жөнгө салуунун ыкмаларын, жөнгө салуучу таасирин, ишке ашыруудагы тобокелдиктер жана укуктук, экономикалык жана башка талдоолорду баяндап жазуу көрсөтүлө тургандыгын белгилеп кетүү керек. Бирок, каралып жаткан жөнгө салуучу таасирин талдоо, мамлекеттик жөнгө салууну өзгөртүүнү болжолдогон маселени чечүүнүн бир гана жолун карайт. Экономикалык талдоону жүргүзүүдө каржылык көрүнүштүн ар бир кесепетине баа берүү керек жана мамлекет үчүн да ошондой эле ишкерлер үчүн да чыгымдын/пайданын жалпы баасын көрсөтүү керек. Ошондой эле, Жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасынын 6 жана 7-пункттарына ылайык, жөнгө салуучу таасирин талдоону жүргүзүү үнүн ЖЖТны демилге кылган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын буйругу менен жумушчу топ түзүлөт, анын курамына киргизилип жаткан жөнгө салуу чөйрөсүндөгү юриспруденция, финансы жана экономика адистери, ошондой эле мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык уюмдардын жана ишканалардын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) кирет. Зарылдыгына жараша, жумушчу топтун курамына башка адистер жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү да киргизилет. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 ""Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 "Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2014 · № 559 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 22.02.2013 · № 28 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген "Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жөнүндө"жобосуПоложение · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- "Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун Методикасы" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому…Методика · 30.09.2014 · № 559 · Күчүн жоготкон