Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетин «Акциздик маркалар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 5 июня 2026 года № 393 "Об утверждении Перечня документов государственного значения и специальных государственных бланков, находящихся в обращении в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-06-05.
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 29-июлу № 95 Акциздик маркалар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомунун редакциясына ылайык) Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана улуттук кызыкчылыктарды коргоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомунун негизинде Күчүн жоготту
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышы "мамлекеттик маанидеги документтердин" деген сөздөрдөн кийин "жана атайын мамлекеттик бланктардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 1-пунктунун үчүнчү абзацы "мамлекеттик маанидеги документтердин" деген сөздөрдөн кийин "жана атайын мамлекеттик бланктардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктта:
- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги:";
- үчүнчү абзацы "мамлекеттик маанидеги документтердин" деген сөздөрдөн кийин "жана атайын мамлекеттик бланктардын" деген сөздөр менен толукталсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында колдонуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин тизмесинде:
- аталышы "мамлекеттик маанидеги документтердин" деген сөздөрдөн кийин "жана атайын мамлекеттик бланктардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- "Документтердин тизмеси" деген графасынын аталышы "Документтердин" деген сөздөн кийин "жана бланктардын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 18-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
" | 18 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы | Кызматтык күбөлүк Ведомстволук сыйлыктардын бланктары Акциздик жыйымдын маркалары |
".
3. Мурда сатылып алынган ыйгарым укуктуу банкта болгон акциздик жыйымдын маркалары Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан өндүрүүчүлөргө жана/же импортерлорго ушул акциздик маркалар толук колдонулганга чейин сатылат деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 655 "Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
| Төрага | У.А. Марипов |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби…Положение · 30.12.2008 · № 735
- Положение о порядке обследования, возмещения и возврата из бюджета суммы превышения налога на добавленную стоимость (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики…Положение · 30.12.2008 · № 735
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 "Кыргыз Республикасында жүгүртүүдөгү мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик…Постановление · 05.06.2026 · № 393
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча…Постановление · 22.02.2022 · № 94
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 655 "Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү…Постановление · 21.09.2015 · № 655
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз…Постановление · 29.05.2002 · № 350 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында колдонулуудагы мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик бланктардын тизмеси (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы…Перечень · 29.05.2002 · № 350 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча…Постановление · 22.02.2022 · № 94
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-сентябрындагы № 655 "Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү…Постановление · 21.09.2015 · № 655
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 "Кыргыз Республикасында жүгүртүүдөгү мамлекеттик маанидеги документтердин жана атайын мамлекеттик…Постановление · 05.06.2026 · № 393
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз…Постановление · 29.05.2002 · № 350 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Тартиби…Порядок · 21.09.2015 · № 655
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы №735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана…Постановление · 30.12.2008 · № 735
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө" Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 токтому менен…Положение · 29.05.2002 · № 350 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон