Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 21-сентябры № 655 Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 7-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурс өткөрүү боюнча сатып алуучу уюм болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен бирдикте:
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу сатып алуунун тартибин тактоо бөлүгүндө түзөтүү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун белгиленген тартипте эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары алкоголдук жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу Тартиби…Порядок · 21.09.2015 · № 655
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 токтомуПостановление · 29.07.2021 · № 95
- КР Министрлер Кабинетин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 "Акциздик маркалар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.07.2021 · № 95 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетин 2021-жылдын 29-июлундагы № 95 "Акциздик маркалар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.07.2021 · № 95 · Күчүн жоготкон