Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 „Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 февраля 2022 года № 95 "О мерах по реализации требований статей 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 и 415 Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 9-июлу № 375 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Ыктыярдуу патенттин негизинде иштөөчү субъекттерге салык салууну оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 353 жана 354-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салыктын базалык суммасын иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде аныктоо ыкмасында:
- 1 жана 2-пункттарындагы "ишкердикти жүзөгө ашырып жаткан ишкердик субъекттери" деген сөздөр "жеке ишкердикти жана жеке эмгектик ишти жүргүзүүчү субъекттер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунда:
"ишкердик субъекттерин" деген сөздөр "жеке ишкердикти жана жеке эмгектик ишти жүргүзүүчү субъекттерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзацындагы "ишкердиктин" деген сөз "жеке ишкердиктин жана жеке эмгектик иштин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4 жана 5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Хронометраждык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салыктын базалык суммасын эсептөөдө жана белгилөөдө текшерилүүчү субъекттердин төмөнкүдөй көрсөткүчтөрү жана маалыматтары эске алынат:
1) жеке ишкердик жүргүзгөн:
- хронометраждык текшерүү жүргүзүү убагында товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн дүң каражаттын көлөмү;
- байкоо жүргүзүлгөн күндөрдүн саны;
- 1 (бир) күндө товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн дүң кирешенин көлөмү;
- 1 (бир) айда товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн дүң кирешенин көлөмү;
- 1 (бир) айда сатуудан алынуучу салыксыз товар жүгүртүү;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууга байланышкан чыгымдар;
- 1 (бир) айда пайдага салык боюнча салык салынуучу киреше;
- 1 (бир) ай үчүн аныкталган пайдага салыктын суммасы;
- 1 (бир) ай үчүн аныкталган сатуудан алынуучу салыктын суммасы;
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын суммасы;
2) жеке эмгектик ишти жүргүзгөн:
- хронометраждык текшерүү жүргүзүү убагында көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн кирешенин көлөмү;
- байкоо жүргүзүлгөн күндөрдүн саны;
- 1 (бир) күнгө көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн кирешенин көлөмү;
- 1 (бир) айда көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн кирешенин көлөмү;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык эсептен чыгаруулар;
- 1 (бир) айда киреше салыгы боюнча салык салынуучу киреше;
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын суммасы.
5. Ыктыярдуу патенттин базалык суммасын эсептөө Салыктын базалык суммасын иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде аныктоо ыкмасынын 1 жана 2-тиркемелерине ылайык жүргүзүлөт.";
- 6-пунктунда:
экинчи абзацындагы "ишкердик субъекттерин" деген сөздөр "жеке ишкердикти жана жеке эмгектик ишти жүргүзүүчү субъекттерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Оңдоп-түздөлүүгө тийиш болгон ыктыярдуу патенттердин суммасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.";
- 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Ыктыярдуу патенттин негизинде жеке ишкердикти жана жеке эмгектик ишти жүргүзүүчү субъекттердин календардык жылдын ичинде КНС боюнча каттоо босогосунан ашып кеткен дүң кирешесинин көлөмү аныкталган учурда салык органдары патенттерди берүүнү токтотот жана бул субъекттерден КНСти төлөөчү катары катталууну талап кылууга тийиш.";
- Ыкманын тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Ыкма ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 2-тиркеме менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
К.А. Боронов
1-тиркеме
"Салыктын базалык суммасын иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде аныктоо ыкмасынын 1-тиркемеси
Жеке ишкердик ишти жүргүзүүчү субъекттерди хронометраждык текшерүүнүн жыйынды жыйынтыгы жана ыктыярдуу патенттин базалык салыктык суммасын ЭСЕПТӨӨ
№
Ишкердик субъекттин аталышы же ЖИ аты-жөнү
Иштин түрү
Хронометраждык текшерүү датасы (мезгили)
Хронометраждык текшерүү жүргүзүү убагында товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн дүң каражаттын көлөмү (сом)
Байкоо жүргүзүлгөн күндөрдүн саны
1 күндө товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн дүң каражаттын көлөмү (5-гр./6-гр.) (сом)
1 айда товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн дүң каражаттын көлөмү (7-гр. х 24 күн) (сом)
1 айда сатуудан алынуучу салыксыз товар жүгүртүү (8-гр./1,02) же (8-гр./1,03)
1 ай үчүн сатуудан алынуучу салыктын суммасы. (8-гр. - 9-гр.) (сом)
1 ай үчүн товарларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу менен байланышкан чыгымдар (КР СК ылайык эсептен чыгаруулар) (сом)
1 айда пайдага салык боюнча салык салынуучу киреше (9-гр. - 11-гр.)
КР СКнын 213-беренесине ылайык пайдага салыктын ставкасы (10%)
1 ай үчүн пайдага салыктын суммасы (12-гр. х 13-гр.) (сом)
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасы (10-гр. + 14-гр.) (сом)
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
Эскертүү: ЖИ - жеке ишкер; КР СК - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси.".
2-тиркеме
"Салыктын базалык суммасын иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде аныктоо ыкмасынын 2-тиркемеси
Жеке эмгектик ишти жүргүзүүчү субъекттерди хронометраждык текшерүүнүн жыйынды жыйынтыгы жана ыктыярдуу патенттин базалык салыктык суммасын ЭСЕПТӨӨ
№
Субъекттин аталышы же аты-жөнү
Иштин түрү
Хронометраждык текшерүү датасы (мезгили)
Хронометраждык текшерүү жүргүзүү убагында көрсөтүлгөн кызматтан түшкөн кирешенин көлөмү (сом)
Байкоо жүргүзүлгөн күндөрдүн саны
1 күндө көрсөтүлгөн кызматтан түшкөн кирешенин көлөмү (5-гр./6-гр.) (сом)
1 айда көрсөтүлгөн кызматтан түшкөн кирешенин көлөмү (7-гр. х 24 күн) (сом)
1 айда КР СКга ылайык эсептеп чыгаруулар (сом)
1 айда киреше салыгы салынуучу киреше (8 гр. - 9-гр.) (сом)
КР СКнын 173-беренесине ылайык киреше салыгынын ставкасы (10%)
Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын суммасы (11-гр. х 12-гр.) (сом)
1
2
3
4
5
6
7
8
9
11
12
13
Эскертүү: КР СК - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси."
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 24.02.2022 · № 95
- Салыктын базалык суммасын иштин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде аныктоо"ыкмасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 токтому менен…Методика · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 24.02.2022 · № 95
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 736 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын турмушка ашыруу боюнча чаралар жөнүндө"токтомуПостановление · 30.12.2008 · № 736 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон