Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 13-декабры № 138 Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 31-октябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-берененин 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) салыктык эмес кирешелерди төлөөчүнүн өкүлү - салыктык эмес кирешелерди тескөөдө жана тиешелүү бюджетке өндүрүп алууда төлөөчүнүн атынан белгиленген тартипте чыгууга укуктуу жак;";
2) 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. Жеке нотариус нотариалдык аракеттерди жасоодо жана юридикалык мааниси бар документтерди берүүдө төлөөчүнүн мамлекеттик алымды төлөө боюнча өкүлү боло алат.";
3) 140-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Жеке нотариус тарабынан алынуучу мамлекеттик алым нотариалдык аракеттер жасалган жана юридикалык мааниси бар документтер берилген күндөн тартып жети календардык күндүн ичинде бирдиктүү төлөм менен төлөнөт.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он төрт күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 17-декабрындагы № 104 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндөКодекс · 10.08.2018 · № 90
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 586 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн нотариалдык иш чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"Постановление · 01.12.2020 · № 586
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрдагы № 586-токтомуПостановление · 01.12.2020 · № 586