КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 9-июну № 316 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
К.А. Боронов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-июнундагы № 316 токтому менен жактырылган
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Мыйзам долбоору кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөө боюнча салыктык башкарууну жакшыртууга, ушул салык салуунун классикалык механизмине ылайык соода түйүндөрүнө КНС боюнча салыктык түйшүктү жүктөөнүн негизинде товар сатып өткөрүү баскычында ата мекендик айыл чарба продукциясынын атаандаштык жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, айыл чарба кооперативдерин жана айыл чарба багытындагы соода-логистика борборлорун каттоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 153-беренесинин 19, 20, 53-пункттарына ылайык алардын ишине карата айрым талаптар коюлгандыгын билдиребиз. Алсак, айыл чарба продукциясын, ошондой эле акциздик товарлардан тышкары өздүк өндүрүштөгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын өндүрүүчү субъекттер айыл чарба өндүрүүчүлөрү болуп саналат, мында бул продукцияны сатуудан түшкөн каражат календардык жылдын ичинде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуунун жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан кем болбошу керек. Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор төмөнкүдөй белгилерге шайкеш келиши керек:
- ички рынокту айыл чарба продукциясы менен камсыз кылуу, ата мекендик айыл чарба продукциясын жана ата мекендик айыл чарба продукциясынан кайра иштетилген продуктуларды экспорттоо жана сатуу боюнча иштерди жүзөгө ашырууга тийиш;
- айыл чарба продукциясын, айыл чарба продукциясынан кайра иштетилген продуктуларды сорттоо, калибрлөө, сактоо, маркалоо, таңгактоо, ташуу, кайра иштетүү үчүн арналган өндүрүштүк, администрациялык, кампалык жана башка имараттар, жайлар жана курулмалар жайгашкан жер участогунан (жер участокторунан) турган пайдалануу же менчик укугунда таандык болгон мүлктүк комплекске ээ болууга тийиш.
Субъекттердин ишинин жогоруда белгиленген шайкештик параметрлери календардык жылдын ичинде өзгөрүшү мүмкүн. Мында жогоруда көрсөтүлгөн пункттардын талаптарына айыл чарба өндүрүүчү, айыл чарба кооперативи, айыл чарба багытындагы соода-логистика борбору жүргүзгөн иштин шайкеш келбеген фактыларын көчмө (пландуу, пландан тышкары, кайра текшерүү) текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныктоого бардык эле учурда боло бербейт, ага төмөнкүлөр себеп болушу мүмкүн:
- салыктардын төлөнбөй калуу тобокелдигинин факторлорун талдоонун (автоматташтырылган) жыйынтыктарынын негизинде текшерүүлөрдүн түзүлгөн планына чарбакер субъект кирбейт;
- пландан тышкары текшерүүнү же кайра текшерүүнү дайындоо үчүн салык төлөөчүнүн салыктарды туура эмес эсептеген фактысын күбөлөндүргөн документ түрүндө тастыктоочу маалыматтар керек (Салык кодексинин 100-беренеси).
Ошондой эле салык кызматынын органдары субъекттерди алардын экономикалык ишинин түрү боюнча эмес, салык төлөөчү катары каттай тургандыгын белгилөө зарыл. Мыйзам долбооруна ылайык 10 пайыз өлчөмүндөгү эсептөөнү салык төлөөчү төлөнгөн КНСтин суммасынан эмес, товардын наркынан алат. Мында сатып алуучу тарабынан төлөнгөн КНСтин суммасы менен салык салынуучу субъект тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон КНСтин ортосундагы айырмадан акыркысы пайда көрөт. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 270-беренесине ылайык КНСти бюджетке төлөөдө КНСтин суммасын эсептөө укугу салык салынуучу субъектке берилет, ушуга байланыштуу сунушталган механизм КНС төлөө жана КНСтин суммасын эсептөөнү алуу принцибин бузуу менен Кыргыз Республикасынын Салык кодексине каршы келет. Ушуну менен бирге 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги (мындан ары - ЕАЭБ) жөнүндө келишимдин 71-беренесинин 2-пунктуна ылайык мүчө мамлекеттер өз ара соода жүргүзүүдө башка мүчө мамлекеттин товарлары сатууга коюлган аймактагы мүчө мамлекетинде салык салуу, өзүнүн аймагында чыгарылган ушул сыяктуу товарларга карата салыктарды, башка алымдарды жана төлөмдөрдү бирдей жагдайларда ошол мүчө мамлекет тарабынан колдонулган салык салуудан кем болбогон шарттарда алышат. Алсак, Мыйзам долбоорунун ушул ченемин колдонуу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 71-беренесин бузууга алып келип, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин продукцияларына бирдей эмес шарттарды түзүүдө. Мыйзам долбоорунун бул ченемдери колдонула турган болсо, анда ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери Евразия экономикалык комиссиясына даттануу менен кайрылып, аны Кыргыз Республикасынын рыногунда атайын жаралган тоскоолдук катары эсептеши мүмкүн. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзам долбоорун сунушталган редакцияда кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон