Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттарды сарптоонун жана эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка кызматкерлердин командировкаларына төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства Кыргызской Республики от 3 апреля 2020 года № 194 "Об утверждении Положения о порядке расходования средств, поступающих на проведение мероприятий по предупреждению и борьбе с эпидемиями"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2020-04-03.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3- апрелиндеги № 194 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 30-январы № 47
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттарды сарптоонун жана эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка кызматкерлердин командировкаларына төлөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-августундагы № 377 токтомунун редакциясында)
Инфекциялык жана мите оорулар боюнча эпидемиялык абал татаалдаган, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар болгон учурларда эпидемияга каршы жана профилактикалык иш-чаралардын ыкчам жүргүзүлүшүн камсыздоо максатында, карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу ооруларга эпидемиологи- ялык көзөмөл жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттарды
сарптоонун жана эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка кызматкерлердин командировкаларына төлөөнүн тартиби жөнүндө тир- келген Нускама (мындан ары - Нускама) бекитилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" бекитилген бюджет-
тин чегинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине эпи- демиялык фонд боюнча каражаттардын өз убагында бөлүнүшүн камсыздасын. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 28-августундагы № 377 токтомунун редакциясында)
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- бул Нускаманы жетекчиликке жана аткарууга алсын;
- эпидемиялык фонд боюнча чыгымдардын сметасын жыл сайын түзсүн
жана бекитсин;
- эпидемиялык фонддун каражаттарын Нускамага ылайык пайдаланууга
контролду камсыздасын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү баш- кармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 "Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби…Постановление · 03.04.2020 · № 194
- Эпидемияларга каршы иш-чараларга бюджеттик акча каражаттарды сарптоонун жана эпидемияларга каршы күрөшкө жиберилчү медициналык жана башка кызматкерлердин командировкаларына…Инструкция · 30.01.2006 · № 47 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 токтомуПостановление · 03.04.2020 · № 194