Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 28-апрели № 222 "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Асылбаева Г.К., Никитенко Н.В., Самигулина А.Э. тарабынан демилгеленген "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-апрелиндеги № 222 токтому менен жактырылган
"Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Асылбаева Г.К., Никитенко Н.В., Самигулина А.Э. тарабынан демилгеленген "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорунун 1-беренеси менен "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында медициналык кызматкерлердин укуктарын жөнгө салуучу 111-берене менен толуктоо сунушталууда.
Ушуга байланыштуу, жогоруда аталган Мыйзамдын 14-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык өзгөчө кырдаалдарда, согуштук аракеттерде эмгектик милдеттерин жана кесиптик парзын аткарган, ошондой эле көрсөтүлгөн жагдайларда ден соолугуна залал келтирилген, каза болгон медицина кызматкерлерине, ушундай окшош жагдайларда аскер кызматкерлерине төлөнгөндөй мыйзамдарда белгиленген көлөмдө жана тартипте компенсация төлөнүп берилери белгиленген. Башкача айтканда, "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында өзгөчө кырдаал, аскердик иш-аракеттер шарттарында жана ден соолугуна зыян келтирилген учурларда медицина кызматкерлерине компенсация төлөп берүү маселелери жөнгө салынган. Мыйзам долбоорунун 111-беренесинин экинчи абзацында өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал киргизилген шартта саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлерин жашаган жеринен иштеген жерине чейин жана кайра үйүнө транспорт менен жеткирүүнү уюштурууга милдеттүү деп белгилөө сунушталууда. "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык өзгөчө кырдаал - адам курмандыктарына, адамдардын саламаттыгына же айлана-чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык чыгымдарга жана адамдардын жашоо аракет шартынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген коркунучтуу жаратылыш же техногендик кубулуштун, авариянын, апааттын, табигый же башка кырсыктын, учурдагы кыйратуу каражаттарынын натыйжасында Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аймагында түзүлгөн кырдаал. Мында аталган Мыйзамдын 5-беренесинде аныкталгандай, тынчтык мезгилде Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын иштөө режимдери белгиленет, алардын бири - өзгөчө кырдаал режими болуп саналат. Жарандык коргонуунун иштөө режимдерин тынчтык мезгилде жана согуш мезгилинде киргизүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Ушул мыйзамдын ченемдерин эске алуу менен өзгөчө кырдаалды киргизүү дегенде эмнени түшүнүү керектигин тактап алуу зарыл.
2. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын аныктоону сунуштаган Мыйзам долбоорунун 11-1-беренесинин экинчи абзацы боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине ылайык аталган конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн укуктардан улам Өкмөт аларды ишке ашыруу боюнча функцияларды министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун ортосунда булар тууралуу жоболорду бекитүү жолу менен бөлүштүрөт. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруучу бийлик органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тиешелүү кайсы бир ченемдерди мыйзамдык деңгээлде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жогоруда аталган беренелерине каршы келет.
3. Мыйзам долбоорунун 111-беренесинин бешинчи абзацында мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери иштин талаптагыдай шарттары менен камсыздалат деп белгилөө сунушталууда.
Мында "талаптагыдай" деген сөз жалпыланган түшүнүк болуп, кеңири чечмелөө мүмкүндүгүн берүүчү бүдөмүк мүнөздө болууда.
4. Мыйзам долбоорунун 111-беренесинин 2-бөлүгүндө өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жана ден соолугуна залал келтирүүнүн жогорку тобокелдигинде иштеп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлерине эпидемия мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала турган, бирок ээлеген кызматы боюнча эки маянадан кем эмес өлчөмдө компенсация төлөнүп берилет деп көрсөтүлгөн.
Биринчиден, "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 4-бөлүгүндө белгиленгендей, медицина кызматкерлери алар эмгектик милдеттерин же кесиптик парзын аткарып жатканда ден соолугуна залал келтирилген учурда, аларга мыйзамдарда каралган көлөмдө жана тартипте зыяндын орду толтурулат. Ушундай эле ченемдер "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо "жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 87-беренесинде да белгиленген. Экинчиден, мыйзам долбоорунун 111-беренесинин 2-бөлүгүндө эпидемия мезгили жөнүндө айтылгандыктан, эпидемия мезгилинин башталган жана аяктаган мезгилин аныктоо механизмин тактап алуу керек. Ошондой эле 111-беренесинин 2-бөлүгүнө жараша тиешелүү компенсациялар эпидемия мезгилинде төлөнөт. Бирок өзгөчө абалдын жана өзгөчө кырдаалдын эпидемияга байланышы болбошу мүмкүн. Сунушталып жаткан 111-беренеде медицина кызматкерлеринин өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шартындагы укуктарынын маселелерин белгилеп жаткандыктан, 111-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүн эпидемияга байланышпаган өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында компенсацияларды төлөө жаатында колдонулушун тактап алууну сунуштайбыз. Мыйзам долбоорунун аталган беренесинин 3-бөлүгү боюнча да ушундай эскертүү берилет.
5. Мыйзам долбоорунун 111-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык санитардык-карантиндик зонада өзүнүн кесиптик милдеттерин аткарган мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлери үчүн өзгөчө иштөө режими белгиленет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныктала турган, бирок ээлеген кызматы боюнча он маянадан кем эмес компенсациялар төлөнүп берилет.
"Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинде медициналык кызматкерлер үчүн компенсациялар тууралуу жоболор бар экенин кошумча белгилеп кетүү керек. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 токтому менен бекитилген Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобонун 19-пунктуна ылайык компенсациялык төлөмдөргө, анын ичинде эпидемиялардын алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү иштерине тартылган саламаттык сактоо системасындагы кызматкерлерге жана башка кызматтардын жана ведомстволордун кызматкерлерине аталган төлөмдөрдүн өлчөмүнө тиешелүү жоболор регламенттелген. Өзгөчө иштөө режими боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорундагы туюндурма укук колдонуу практикасында түшүнбөстүктөрдү жаратуусу мүмкүн, анткени аталган жобо баалоочу мүнөзгө ээ, ага жараша тийиштүү субъекттерге тигил же бул кырдаалды өзүнүн билишинче чечмелөөгө дискрециялык ыйгарым укукту берип коёт. Мындан тышкары өзгөчө иштөө режимин киргизүү маселеси эмгек мыйзамдарынын жөнгө салуу предмети болуп саналат. Ушундан улам бул маселени Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин жоболоруна шайкеш келүү жагын талдап чыгуу зарыл.
6. Мыйзам долбоорунун 1-беренесинде "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын медицина кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун мамлекеттик камсыздандыруу кепилдиктерине тиешелүү маселелерди жөнгө салуучу 11-2-берене менен толуктоо сунушталат.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 968-беренесине ылайык жарандардын социалдык таламдарын жана мамлекеттин таламдарын камсыз кылуу максатында мыйзамда мамлекеттик органдар бул максатка мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен белгилүү категориядагы мамлекеттик кызматчылардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн милдеттүү түрдө камсыздандыруусу каралышы мүмкүн (милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу). Бирок медицина кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлер болуп саналбайт. Мындан тышкары, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен медицина кызматкерлерин милдеттүү камсыздандыруу тийиштүү финансы ресурстарын талап кылат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Өкмөт тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат. Мындан тышкары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоону алып келген ченемдик укуктук актылар каржылоо булагы аныкталмайын кабыл алынбайт деп белгиленген. Мында республикалык бюджеттин каржылоо көлөмүн жана мүмкүндүгүн аныктай турган финансылык эсептөөлөр мыйзам долбооруна тиркелген эмес. Ушуну менен бирге, "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында компенсациялар жана төлөмдөр маселелерин жөнгө салуучу жоболор белгиленген. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 224-беренесине ылайык оор жумуштар жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштар үчүн кызматкерлерге жеңилдиктер жана компенсациялар берилет (№ 2 тизмеге ылайык курагы боюнча пенсия, эмгек акысына кошумча төлөө, кыскартылган жумуш күнү, кошумча өргүү, сүт берүү жана башкаларды берүү). Аларды берүү, токтотуу тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. Алсак, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 токтому менен бекитилген Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегине (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) ылайык саламаттык сактоо тармагындагы айрым иштер эмгек шарттары оор жана зыяндуу жумуштардын түрлөрүнө кирет. Ошондой эле "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы медицина кызматкерлеринин ишин жөнгө саларын белгилеп кетебиз. Бирок саламаттык сактоо системасында аталган Мыйзамдын күчү колдонулбай турган башка жумушчулар (техникалык персонал ж.б.) да иштешет. Жогоруда айтылганды эске алуу менен медицина кызматкерлери үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасын киргизбөөнү сунуштайбыз. Мында иш милдеттерин аткарууга байланыштуу медицина кызматкеринин ден соолугуна залал келтирилген же ал көз жумган учурларда "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын иш-аракеттеги ченемдерин колдонууну сунуштайбыз.
7. Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан 11-2-беренесинин 3-бөлүгү "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 4-бөлүгүнүн жоболорун кайталайт, анда иш-милдеттерин же кесиптик ишин аткарууда медицина кызматкерлеринин ден соолугуна зыян келтирилген учурда, мыйзамдарда белгиленген көлөмдө жана тартипте келтирилген зыян төлөнүп берилет деп баяндалган.
Ченемдердин кайталанышын жок кылуу жана окшош мамилелерди ар кандай укуктук жөнгө салуудан качуу максатында, мыйзам долбоорунун 11-2-беренесинин 6-бөлүгүн "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 5-бөлүгү менен бирге кароо керек деп эсептейбиз, анда Саламаттык сактоонун мамлекеттик жана/же муниципалдык уюмдарынын кызматкерлери медициналык жардам көрсөтүү же илим изилдөө иштерин жүргүзүү убагында эмгектик милдеттерин же кесиптик парызын аткарып жатканда каза болгон учурда, алардын үй-бүлөсүнө мыйзамга ылайык бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнүп берилет деп каралган.
8. Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан 112-беренесинин 5-бөлүгүндө мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын медицина кызматкери, эгерде мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында иштеп жүргөн учурда көз жумса же майып болсо, жумушу бүткөндөн кийинки бир жылдын ичинде камсыздандырылган болуп эсептелери каралган.
Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун негиздеме-маалым катында бир жылдын ичинде деген мөөнөттү кайсы анализдердин негизинде аныктоо сунушталып жаткандыгы тууралуу маалыматты көрсөтүү максатка ылайык деп эсептейбиз.
9. Сунушталып жаткан 11-2-берененин 7-бөлүгүндө майыптык алганда медицина кызматкерине бир жолу берилүүчү камсыздандыруу суммасын төлөп берүү каралууда. Бул беренеде майыптык эмненин негизинде берилери түшүнүксүз болуп калган.
Мында белгилеп кетүүчү нерсе, майыптык боюнча пенсия "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде да бир жолу берилүүчү жөлөкпул каралган. Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан 11-2-беренесинин 7 жана 13-бөлүктөрү менен төлөмдөр кызматкер майыптык же жаракат алган учурларда гана каралууда, бирок медицина кызматкерлери карантин киргизилген мезгилде инфекциялык оорулардын алдын алуу жана аларды жоюу иштерине да тартыла тургандыгын эске алуу керек. Тийиштүү түрдө, мындай учурларда компенсацияларды төлөө механизмдери долбоордо камтылган эмес. Ушуга байланыштуу компенсацияларды киргизүүдө иши инфекциялык ооруларга байланышкан медицина кызматкерлерине төлөп берүү негиздеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу керек.
10. Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан 11-2-беренесинин 12-бөлүгүндө камсыздандыруу суммаларын, анын ичинде кызматкердин оорусу же өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн корутундусу боюнча төлөө үчүн негиздер белгиленүүдө.
Кызматтык иликтөөнү жүргүзүүдө талаш учурларды болтурбоо үчүн кызматтык иликтөөнү жүргүзүүнүн так тартибин аныктап алуу керек.
11. Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан 11-2-беренесинин 14-бөлүгүндө камсыздандыруу суммасы төлөнбөйт деп белгилөө сунушталууда, эгерде камсыздандыруу учуру төмөнкүдөй болсо:
- жазык мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматкердин күнөөлүү, коомдук кооптуу жана жазалануучу деп таанылган жосунунун кесепетинен келип чыкса;
- кызматтык текшерүүнүн, алгачкы текшерүүнүн жана тергөөнүн, медициналык корутундунун жана башкалардын натыйжасында аныкталгандай, кызматкердин мыйзамга каршы жосунунун же атайылап зыян келтирүүсүнүн кесепетинен келип чыкса;
- жазык мыйзамдарында каралган тартипте белгиленгендей, кызматкердин өз ден соолугуна атайылап зыян келтирүүсүнүн же өз өмүрүнө кол салуусунун натыйжасы болуп саналса.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесине ылайык ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экени далилденмейинче жана соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргени аныкталмайынча кылмыш жасаганга күнөөлүү болуп эсептелбейт деп белгиленген. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 11-2-беренесинин 14-бөлүгүнүн 1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын жазыктык мыйзамдарында белгиленген тартипте" деген сөздөрдү "мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими менен" деген сөздөр менен алмаштыруу сунушталат. Кызматтык иликтөөнүн, алгачкы тергөөнүн жана териштирүүнүн жыйынтыгында, медициналык корутундуда ж.б. мыйзамсыз иш-аракет жасоо же атайын зыян келтирүү боюнча төмөнкүлөрдү билдиребиз. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында иш милдеттерин аткарууга же кесиптик парзын аткарууга байланыштуу атайын зыян келтирүү (медициналык кызматкердин ооруп калуусу же өлүмү) фактысын аныктоо механизми жок. Ушуга байланыштуу "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинде ден соолукка атайын зыян келтирүү фактысын аныктоо тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт деген ченемди кароону сунуштайбыз. Алгачкы тергөө жана териштирүү иликтенип жаткан укук бузуулардын алкагында ишке ашырыла тургандыгын, алардын жыйынтыгы боюнча укук бузуулар жөнүндө тийиштүү иштер сотко бериле тургандыгын эске алуу менен мыйзам долбоорунун 11-2-беренесинин 14-бөлүгүнүн бүткүл тексти боюнча "алгачкы текшерүүнүн жана тергөөнүн" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз. Кызматкер жазык мыйзамдарында каралган тартипте аныкталган өзүнүн ден соолугуна атайын зыян келтирүү же өзүн-өзү өлтүрүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде өзүн-өзү өлтүрүү фактысын аныктоо тартиби каралган эместигин белгилейбиз. Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү согуш аракеттерин, чектөөчү иш-чараларды (карантинди), өзгөчө абалды (кырдаалды) киргизүүнүн кесепети болуп эсептелген инфекция объектисинин аймагында же очогунда инфекциялык оорулардын жайылуусуна жол бербөө жана анын алдын алуу боюнча иштерге тартылган жана милдеттерин аткарган мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген зыян үчүн компенсация төлөп берүү маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыкты. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунда "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатканын эске алуу менен, аталган берененин 6-бөлүгүндөгү "окшош жагдайларда аскер кызматкерлерине төлөнгөндөй мыйзамдарда" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштыруу керек деп эсептейбиз. Жалпысынан алганда, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мыйзам укук ченемдерин, б.а. жалпыга милдеттүү болгон жүрүм-турум эрежелерин белгилөөгө, өзгөртүүгө же алып салууга багытталган ченемдик укуктук акт болуп саналат, адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө жана көп жолу колдонууга эсептелерин белгилейбиз. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунун 11-2-беренесинин 7, 12 жана 13-бөлүктөрүнүн редакциясын кайра карап чыгууну сунуштайбыз, анткени бул маселелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам алдындагы актылары менен жөнгө салынышы мүмкүн. Жогоруда айтылгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул корутундуда баяндалган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (11)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги № 258 "Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө…Постановление · 27.04.2015 · № 258
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 194 "Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби…Постановление · 03.04.2020 · № 194
- Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 21.07.1997 · № 57
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 24.05.2018 · № 54
- Медицина кызматкеринин статусу жөнүндөЗакон · 28.05.2013 · № 81 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөЗакон · 09.01.2005 · № 6 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Эпидемиялар менен күрөшүү жана алардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүгө түшкөн каражаттарды сарптоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын…Положение · 03.04.2020 · № 194
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон