Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 23-марты № 178 Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-июлундагы № 381, 2021-жылдын 27-январындагы № 25,КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 57, 2021-жылдын 31-декабрындагы № 361, 2022-жылдын 24-июнундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) мындан ары жайылуусуна жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү, калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо максатында, "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө", "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-жылдын 1-декабрына чейин фармацевттик иш-аракеттер субъекттерине төмөнкүлөргө уруксат берилсин:
- Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесине (мындан ары - Улуттук тизме) жана/же Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген коронавирус инфекциясын аныктоо жана дарылоо үчүн зарыл болгон дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесине (мындан ары - Тизме) киргизилген дары каражаттарын (ошол эле учурда алып келинген дары каражаттары өндүргөн өлкөдө же башка өлкөлөрдө катталган болушу керек) жана медициналык буюмдарды (өндүргөн өлкөдө же башка өлкөлөрдө медициналык буюмдар катары жүгүртүлүшү жөнүндө ырастамасы бар) мамлекеттик каттоосуз алып келүүгө;
- ушул токтомдун 1-пунктунун экинчи абзацында аталган дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды алып келүүгө, төмөнкүлөр жок болгон учурда:
мамлекеттик жана расмий тилдерде таңгагынын маркалоосу - мамлекеттик жана/же расмий тилдерде стикерди колдонуу менен; мамлекеттик жана расмий тилдердеги медициналык колдонуу боюнча нускамасы - мамлекеттик же расмий тилге котормосун камсыз кылуу менен;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, Улуттук тизмеге жана/же Тизмеге киргизилген, маркаланышы боюнча жана/же медициналык колдонуу боюнча нускамада катталгандардан айырмасы бар дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды алып келүүгө;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-июлундагы № 381, 2021-жылдын 27-январындагы № 25, КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 57, 2021-жылдын 31-декабрындагы № 361, 2022-жылдын 24-июнундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. 2022-жылдын 1-декабрына чейин Улуттук тизмеге жана/же Тизмеге киргизилген ташып келинүүчү дары каражаттары жана медициналык буюмдар дары каражаттарынын сапатын баалоо жана медициналык буюмдардын сапатын жана коопсуздугун баалоо жол-жобосунан биринчи кезектеги тартипте жана кыска мөөнөттө өтө тургандыгы белгиленсин.
Улуттук тизмеге жана/же Тизмеге киргизилген дары каражаттарын алардын сапатын баалоону жүргүзүүдө сериялык контролдон бошотуу критерийи болуп Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик каттоосунун жана дары каражаттары түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн же расмий дистрибьютерлерден алып келингендиги жөнүндө документтик түрдө ырасталган маалыматтардын болушу саналат. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-июлундагы № 381, 2021-жылдын 27-январындагы № 25, КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 57, 2021-жылдын 31-декабрындагы № 361, 2022-жылдын 24-июнундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган дары каражаттарынын сапатына баалоо жана медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнү ыкчам тартипте камсыздасын;
- зарыл болгон чараларды көрсүн жана ушул токтомдун өз убагында аткарылышын камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-июлундагы № 381, КР Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 57, 2021-жылдын 31-декабрындагы № 361 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүшсүн.
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-июлундагы № 381, 2021-жылдын 27-январындагы № 25, 2021-жылдын 1-июлундагы № 57, 2022-жылдын 24-июнундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-июлундагы № 57 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
А.Э. Новиков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-июлундагы № 381 токтомуПостановление · 14.07.2020 · № 381
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 57 токтомуПостановление · 01.07.2021 · № 57
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-июлундагы № 381 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары…Постановление · 14.07.2020 · № 381 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары…Постановление · 27.01.2021 · № 25 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 57 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 “Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты…Постановление · 01.07.2021 · № 57 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 31-декабрындагы № 361 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 «Коронавирус инфекциясы…Постановление · 31.12.2021 · № 361 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинети 2022-жылдын 24-июнундагы № 331 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты…Постановление · 24.06.2022 · № 331 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 27-январындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары…Постановление · 27.01.2021 · № 25 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Коомдук саламаттык сактоо жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 248 · Күчүн жоготкон
- Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 166 · Күчүн жоготкон