КР Министрлер Кабинетинин токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 “Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагындагы коронавирус инфекциясына (COVID-19) байланышкан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 “Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктунун биринчи абзацындагы “1-июлуна” деген сөздөр “31-декабрына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пунктунун биринчи абзацындагы “1-июлуна” деген сөздөр “31-декабрына” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-пункту “Саламаттык сактоо” деген сөздөрдөн кийин “жана социалдык өнүктүрүү” деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-пунктундагы “Өкмөтүнө” деген сөз “Экономика жана финансы министрлигине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы “Өкмөтүнүн Аппаратынын” деген сөздөр “Президентинин Администрациясынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага У.А.Марипов
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо…Постановление · 23.03.2020 · № 178 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон