Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 «Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 декабря 2023 года № 675 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 31-декабры № 361 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 «Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу калкты керектүү дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 «Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пунктунда:
биринчи абзацындагы «2021-жылдын 31-декабрына чейин» деген сөздөр «2022-жылдын 1-июнуна чейин» деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесине (мындан ары – Улуттук тизме) жана/же» деген сөздөр алып салынсын; алтынчы абзацындагы «Улуттук тизмеге жана/же» деген сөздөр алып салынсын; 11-пунктунун биринчи абзацындагы «2021-жылдын 31-декабрына чейин» деген сөздөр «2022-жылдын 1-июнуна чейин» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
– 2-пунктундагы «жана социалдык өнүктүрүү» деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо…Постановление · 23.03.2020 · № 178 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-мартындагы № 178 "Коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу калкты дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыздоо…Постановление · 23.03.2020 · № 178 · Күчүн жоготкон