Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 апреля 2025 года № 238 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-04-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомуна)
Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартиби
1. Жалпы жобо
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 109-беренесине ылайык иштелип чыкты жана контролдук-кассалык машиналарды (мындан ары – ККМ) саткан жана/же тейлеген субъекттердин жана салык органдарында ККМди каттоо учурундагы субъекттердин иш-аракеттеринин тартибин аныктайт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында накталай жана электрондук акчалар, банктык төлөм карточкалары жана чектер аркылуу соода операцияларын жүзөгө ашырууда же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө ККМди колдонуунун жалпы тартибин белгилейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) контролдук-кассалык чек – ККМде түзүлүүчү жана эсептешүү операцияларын жүргүзүүдө акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу фактысын ырастоочу, кагаз жана/же электрондук түрдө берилүүчү баштапкы эсепке алуу документи;
2) кайра фискалдаштыруу – ККМдин суммалоочу эсептегичтерин нөлгө түшүрүү менен фискалдык режимди кайрадан кошуу;
3) субъект – уюштуруу-укуктук формасына, ишинин түрүнө, баш ийүүсүнө жана менчигинин формасына карабастан экономикалык иш жүргүзгөн жана/же салык салуу объекттери бар жеке жак, жеке ишкер, уюм, обочолонгон бөлүм, туруктуу мекеме;
4) фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү – корголгон, шифрленген, коррекцияланбоочу, энергияга көз карандысыз маалыматтарды узак мезгилге сактоону камсыз кылган электрондук контролдук тасма жана фискалдык маалыматтардын оператору (мындан ары – ФМО) катары маалыматтарды топтоонун, берүүнүн жана сактоонун техникалык процессин камсыз кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, фискалдык маалыматтарды зымдуу же зымсыз байланыш каналдары аркылуу ыйгарым укуктуу салык органына жана/же башка органга берүүнү камсыз кылган модулу бар түзүлүш;
5) фискалдаштыруу – ККМге фискалдык режимди туташтыруу;
6) фискалдык эстутум – ККМди колдонуу менен жүзөгө ашырылуучу акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон жыйынтыктоочу маалыматты ар бир суткада (ар бир сменада) каттоочу жана узак мөөнөттө сактоочу жана камсыз кылуучу программалык-аппараттык каражаттардын топтому;
7) ККМди техникалык тейлөө борбору (мындан ары – ТТБ) – ККМди пайдаланууга даярдоо, аларды техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча субъектке кызмат көрсөтүүчү субъект.
2. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу
3. Субъекттер Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ККМди колдонуу менен иштейт. Мында ККМ ТТБда техникалык тейлөөгө коюлушу жана иш башталганга чейин ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары - АМС) катталышы керек.
4. ККМди колдонбостон калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө өз ишинин өзгөчөлүгүнө же жайгашкан жеринин шарттарына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ККМди колдонбостон калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзө алышкан уюмдардын жана жеке жактардын тизмесине киргизилген субъекттерге жол берилет.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында каттоого жана субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга уруксат берилген контролдук-кассалык машиналардын мамлекеттик реестрине (мындан ары - ККМдин мамлекеттик реестри) киргизилген моделдеги ККМдин нускаларына гана уруксат берилет.
6. Соода (вендингдик) автоматтарында жана кызмат көрсөтүү автоматтарында контролдук-кассалык чекти кагаз жана/же электрондук түрдө түзүү жана берүү мүмкүнчүлүгү бар ККМ милдеттүү түрдө орнотулууга тийиш.
7. Төмөнкү ККМди колдонууга жол берилбейт:
- ККМдин мамлекеттик реестринен чыгарылган;
- АМСте катталбаган;
- оң эмес абалдагылар;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте ККМдин техникалык талаптарына ылайык жол-жоболордон өтпөстөн техникалык, анын ичинде программалык өзгөрүүлөргө учурагандар;
- фискалдык эмес режимде иштегендер.
Субъекттер тарабынан ушул пункттун аткарылбашы ККМди колдонбоого барабар болот.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген ККМге техникалык талаптарга ылайык жана ККМдин мамлекеттик реестрине киргизүү жол-жоболорунан өтпөстөн мындай комплекстерди пайдалануу менен сатып алуучуларга же кардарларга контролдук-кассалык чектердин көчүрмөлөрүн берүүгө жана ККМге аралыктан кошуу функциясы бар программалык-аппараттык комплекстерди колдонууга жол берилбейт.
9. Төмөнкү учурларда ККМ бузук деп саналат:
- операцияларды аткарбаса же катачылыктар менен аткарса, кассалык чекти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен бекитилген ККМге карата техникалык талаптарда каралган отчетторду басып чыгарбаса, түшүнүксүз басып чыгарса же толук басып чыгарбаса;
- фискалдык эстутумда, фискалдык маалыматтарды берүү түзүмүндө камтылган жана/же салык органдарынын контролдоосу үчүн зарыл болгон, зымдуу жана зымсыз байланыш каналдары боюнча берилүүчү маалыматтарды алууга мүмкүндүк бербесе;
- провайдер (байланыш оператору) берген байланыштын жоктугуна же АМС ишинде үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу учурларды эске албаганда, ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго зымдуу же зымсыз байланыш каналдары боюнча реалдуу убакыт режиминде фискалдык маалыматтарды бербесе;
- фискалдык эстутум жана/же фискалдык маалыматтарды берүү түзүмү иштен чыкса.
ККМди даярдоочу завод тарабынан иштелип чыккан эксплуатациялоо эрежелеринде башка бузуктар да каралышы мүмкүн, алар бар болсо, ККМ колдонулбашы керек.
10. Субъекттер КММ бузулган учурда ККМдин бузууларын жоюу боюнча субъекттердин кайрылууларын эсепке алуучу субъекттин кайрылуусу журналга катталган учурдан тартып 72 (жетимиш эки) сааттын ичинде келип чыккан бузукту оңдогон ТТБга ККМ бузулган учурдан тартып кайрылуусу керек. Бузулуулар оңдолгондон кийин ТТБнын жооптуу адамы салык кызматына АМС аркылуу билдирет.
11. Эгерде ТТБ ККМдин бузулушунун себебин белгиленген мөөнөттө четтете албаса, анда оңдоо учурунда ТТБ субъектке акысыз негизде бузулган ККМдин ордуна техникалык мүнөздөмөлөрү бирдей болгон башка резервдеги (окшош, оңдолгон) ККМди берет.
12. ККМди колдонуу төмөнкү эрежелер сакталганда ишке ашырылат:
- чакан ишкердиктин субъекттери жана салыктык контракттын негизинде салык төлөгөн субъекттер менен акчалай эсептешүү жүргүзүүдө, сатып алуучунун же кардардын аталышы жана ИСНи жөнүндө маалыматты контролдук-кассалык чекте басып чыгаруучу жана аларды ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго берүүчү кошумча функциясы бар ККМдин моделдерин гана пайдалануу;
- ККМди фискалдаштыруу же кайра фискалдаштыруу учурунда, ошондой эле ККМ бузулган учурда гана ТТБ кызматкерлеринин ККМдин ички механизмдерине жана фискалдык эске тутумуна жетүүсүн камсыз кылуу;
- квитанциялардын бланктарын жана ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлгөн акча каражаттарын эсепке алуу китебин типографиялык ыкма менен гана өз алдынча даярдоо жана аларды салык органдарында ар бир ККМ үчүн каттоо;
- кассалык чектерди урууну жана ушул Тартиптин 13-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда квитанциялардын бланктарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн акчалай эсептешүүлөр боюнча ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго маалыматтарды берүүнү камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган учурларда жана тартипте сатылган товарлар боюнча ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго маалыматты (аталышы, коду, саны, 1 (бир) бирдик үчүн баасы) берүүнү жана кассалык чектерде көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоо жөнүндө чечим кабыл алынган товарларды сатуу учурунда ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго товарларды идентификациялоо каражаттарынын коддору (товарды маркалоо) боюнча маалыматты берүүнү жана кассалык чектерде көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
- ККМдин каттоо маалыматтары өзгөргөндө ТТБга жазуу жүзүндө билдирүү жана ККМдин жаңы каттоо маалыматтарын АМСке киргизүүнү камсыз кылуу;
- ККМдин жоголгон, уурдалган же ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында жараксыз абалга келген учурда 3 (үч) жумуш күндөн ашык эмес мөөнөттө аны ТТБ аркылуу АМСден каттоодон алып салуу жана жаңы ККМди сатып алуу, ТТБга техникалык тейлөөгө коюу жана жаңы ККМди АМСте каттоо;
- жоюлган (иши токтотулган) же кайрадан уюшулган учурда аны жоюу (ишин токтотуу) же кайра уюштуруу жол-жоболору башталган күнгө чейин ККМди каттоодон чыгаруу.
13. Акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда субъекттер квитанциялардын бланктарын колдонууга жана акча каражаттарын эсепке алуу китебине тиешелүү жазууларды төмөнкүдөй учурларда жана мөөнөттөрдө киргизүүгө милдеттүү:
- ТТБ тарабынан бузулган ККМди оңдоо мезгилинде, 72 (жетимиш эки) сааттан ашпаган мөөнөттө;
- байланыш кайра жаңыланганга чейин анын келип чыгышы субъекттердин эркине объективдүү түрдө көз каранды болбогон ыйгарым укуктуу салык органынын жана/же ФМО менен байланыш жок болгон учурда;
- ал жеткис күч жагдайлары болгон мөөнөттө жана анын кесепеттерин четтетүү үчүн акылга сыярлык мөөнөттүн ичинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ал жеткис күчтүн жагдайларынан келип чыгуу себеби боюнча ККМди колдонуу мүмкүн болбогондо.
Ал жеткис күчтүн жагдайларынын натыйжасында жараксыз болгон, ККМди уурдаган же жоготкон учурда, субъекттер 3 (үч) жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө квитанциялардын бланктарын колдонууга жана акча каражаттарын эсепке алуу китебине тиешелүү жазууларды киргизүүгө милдеттүү.
14. Сатып алуучуларга же кардарларга берилген квитанциянын бланкында төмөнкү реквизиттер чагылдырылууга тийиш:
а) квитанциянын сериясы жана номери;
б) салык төлөөчүнүн аталышы жана идентификациялык салык номери (ИСН);
в) ККМ моделинин аталышы;
г) ККМдин заводдук номери;
д) ККМдин каттоо номери;
е) операциянын түрү (сатуу, сатып алуу же кайтаруу);
ж) кайтаруу таризделген контролдук-кассалык чектин катар номери;
з) операциянын күнү жана убактысы;
и) төлөөнүн түрү (накталай/ накталай эмес);
к) сатылган товарлардын, көрсөтүлгөн кызматтардын же аткарылган жумуштардын суммасынын жыйынтыгы;
л) сатып алуучунун же кардардын аталышы жана идентификациялык номери (чакан ишкерликтин субъекттери жана салык контрактынын негизинде салык төлөгөн субъекттер менен акчалай эсептешүүнү жүргүзгөн учурда);
м) валютанын саны, түрү жана курсу (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө колдонулуучу ККМ үчүн).
15. Сатып алуучуларга же кардарларга берилген контролдук-кассалык чекте төмөнкү реквизиттер чагылдырылууга тийиш:
а) субъекттин аталышы;
б) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИСН);
в) ККМдин заводдук номери;
г) ККМдин каттоо номери;
д) фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштүн сериялык номери;
е) контролдук-кассалык чектин катар номери;
ж) сатып алуу/ кызмат көрсөтүү күнү жана убактысы;
з) сатып алуунун/кызмат көрсөтүүнүн наркы. Сатып алуунун/кызмат көрсөтүүнүн наркы контролдоо-кассалык чекте чагылдырылууга жана төлөмдүн ыкмасына карабастан ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго берилүүгө тийиш;
и) төлөө ыкмасы (накталай/накталай эмес);
к) кармалган салыктардын аталышы жана суммасы (кошумча нарк салыгы жана сатуудан алынуучу салык). Субъект атайын салык режими боюнча иш жүргүзгөн учурда контролдук-кассалык чекте салыктын суммасы «0» белгиси менен көрсөтүлөт»;
л) эсептөөнүн кошумча белгилери (агенттин белгиси, алдын ала төлөө (аванс) жана төлөө боюнча эсептөө белгилери (кредит);
м) фискалдык режим жөнүндө ырастама
н) QR коду (чек жөнүндө коддолгон маалымат);
о) ыйгарым укуктуу салык органынын веб-сайтынын дареги (чекти текшерүү үчүн).
16. Субъекттерге берилүүчү контролдук-кассалык чекте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго маалыматты милдеттүү түрдө берүү жөнүндө кабыл алынган чечимге карата сатылган товарларда сатылуучу товардын аталышы, коду, саны жана 1 (бир) бирдиги үчүн баасы чагылдырылууга тийиш.
17. Субъект тарабынан товарларды сатуу учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын аймагында идентификациялоо каражаттарын милдеттүү түрдө маркалоо жөнүндөгү чечимине карата контролдук-кассалык чекте товарды идентификациялоо каражатынын коду (товарды маркалоо) боюнча маалымат чагылдырылууга тийиш.
18. Алмашуу бюросунда берилүүчү контролдук-кассалык чекте жогоруда саналган реквизиттерден тышкары, валютанын түрү жана курсу көрсөтүлүшү керек.
19. Төлөм банктык карточкалардын жана электрондук төлөм каражаттарынын (электрондук акчанын) жардамы менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген ККМдин моделдеринде, контролдук-кассалык чекте Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында көрсөтүлгөн кошумча маалыматтар чагылдырылууга тийиш.
20. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында алымсыз соода-сатык дүкөндөрүндө колдонулуучу ККМдин моделдеринде, контролдук-кассалык чекте Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында берилген кошумча маалыматтар чагылдырылууга тийиш.
21. Субъекттер ККМди колдонууда Кыргыз Республикасынын Бузуулар жана жоруктар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат:
- ушул Тартиптин талаптарын бузгандыгы үчүн;
- ККМди АМСте каттоо жана кайра каттоо учурунда ТТБнын туура эмес каттоо маалыматтарын берүү үчүн;
- АМСте катталбаган ККМди колдонуу үчүн;
- жасалма контролдук-кассалык чектерди берүү үчүн;
- ККМдеги фискалдык жана башка маалыматтарды санкциясыз өзгөртүү үчүн.
22. ККМди колдонуу тартибинин сакталышын жана түшкөн акча каражаттарынын толук эсепке алынышын контролдоону салык органдары жүзөгө ашырат.
23. Базарлардын жана соода үйлөрүнүн жетекчилери соода аянттарын ижарага алуучулар тарабынан ККМдин орнотулушуна контроль жүргүзүүлөрү керек. Соода аянттарын ижарага алуучулар тарабынан ККМдин орнотулбагандыгы үчүн базарлардын жана соода үйлөрүнүн жетекчилери Кыргыз Республикасынын бузуулар жана жоруктар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
3. Контролдук-кассалык машиналарды каттоо, кайра каттоо жана эсептен чыгаруу
24. ККМди каттоо үчүн субъект (жетекчи же ишенимдүү адам) ТТБга кайрылууга жана төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:
- ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формада ККМди каттоо жөнүндө арыз;
- ККМди жана ККМдин техникалык паспорту;
- ККМди каттоого арыз берүүчү субъекттин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
- ККМди каттоого документтерди берүүчү адамга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат.
25. ТТБнын жооптуу адамы ушул Тартиптин 24-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилген күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде ККМ орнотулган жердеги салык органын көрсөтүү менен субъект, ишкердик объекти жана ККМ жөнүндө маалыматтарды АМСке киргизүү жолу менен ККМди каттоого алат.
26. Ушул Тартиптин 25-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар киргизилгенден кийин АМС маалыматтарды ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен реалдуу убакыт режиминде салыштырып текшерет жана каттоого алат же баш тартуунун себебин көрсөтүү менен ККМди каттоодон баш тартат.
ККМди каттоодо АМС реалдуу убакыт режиминде ККМдин уникалдуу каттоо номерин ыйгарат.
27. ККМдин уникалдуу каттоо номерин АМС аркылуу алууда ТТБ субъекттин каттоо маалыматтарын жана АМС аркылуу алынган ККМдин каттоо номерин киргизүү жолу менен ККМди фискалдаштырат. ККМди фискалдаштырууда ТТБ ККМге санкцияланбаган кирүү коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.
28. ТТБнын жооптуу адамы ККМди каттоо, фискалдаштыруу, кайра каттоо, кайра фискалдаштыруу жана каттоодон чыгаруу жөнүндө маалыматтарды ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча ККМдин каттоо карточкасына киргизет.
29. ККМ катталгандан кийин субъект квитанциялардын бланктарын жана акча каражаттарын эсепке алуу китебин ар бир ККМге каттоо үчүн салыктык катталган жери боюнча салык органына кайрылууга тийиш. Квитанциялардын бланктарын жана акча каражаттарын эсепке алуу китебин каттоо тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
30. Субъект кайрылган учурда салык органынын кызмат адамы квитанциялардын бланктарын каттайт жана акча каражаттарын эсепке алуу китебине кол коюп жана мөөр менен күбөлөндүрөт. Акча каражаттарын эсепке алуу китебинин ар бир барагы номерленет жана боолонуп, тигилет.
31. ККМ катталгандан кийин субъект ККМди колдонуу менен жүргүзүлгөн акчалай операцияларды көрүү үчүн салык төлөөчүнүн АМСтеги жеке кабинетине кире алат.
32. ККМдин иш жүзүндөгү дареги жана башка каттоо маалыматтары өзгөрүлгөн учурда субъект бул жөнүндө ТТБга жазуу жүзүндө билдирет. ТТБнын жооптуу адамы ККМдин иш жүзүндөгү жаңы орнотуу дарегин жана башка каттоо маалыматтарын АМСке киргизет жана ККМдин каттоо карточкасына тиешелүү жазууларды жазат.
33. Фискалдык эстутум жана/же фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү бузулганда же толуп кеткен учурда субъект ТТБга жазуу жүзүндө кайрылышы керек. ТТБнын жооптуу адамы субъекттин жазуу жүзүндөгү кайрылуусу боюнча ККМди кайра фискалдаштыруу процессин жүргүзүүгө милдеттүү.
34. ККМди кайра фискалдаштырууда ТТБнын жооптуу адамы фискалдык сактоо тутумуна кирүү паролун жазып, ККМдин суммалоочу эсептегичтерин нөлгө айландырат, фискалдык эстутумдун жаңы паролун белгилейт жана АМСке ККМди кайра фискалдаштыруу жөнүндө маалыматтарды киргизет.
35. Фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү иштебей калгандыктан фискалдык маалыматтарды берүүгө мүмкүн болбогон учурлардан сырткары, фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшүнүн эстутуму толуп кеткен учурда ТТБ бардык сакталган фискалдык маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго өткөрүлгөн шартта гана аларды жок кылып, эстутумду тазалашы керек.
36. Фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү иштебей калгандыктан фискалдык маалыматтарды берүүгө мүмкүн болбогон учурда ТТБ ККМдин фискалдык отчетуна ылайык фискалдык режимге которулган учурдан тартып ККМ колдонуу менен жүргүзүлгөн сатуунун/сатып алуунун жана кайтарып берүүнүн жалпы суммасы (нөлгө айланбаган) боюнча маалыматтарды АМСке киргизет.
37. ККМди каттоодон чыгаруу үчүн субъект (жетекчи же ишенимдүү адам) ТТБга төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:
- ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча ККМди каттоодон чыгаруу жөнүндө арыз;
- ККМ жана техникалык паспорт;
- ККМдин каттоо карточкасы;
- ККМди каттоодон чыгарууга арыз берүүчү субъекттин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
- документтерди берген адамга нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат.
ККМ ал жеткис күчтүн жагдайынан, ККМди уурдоонун же жоготуунун натыйжасында каттоодон чыгарылган учурда арызга атайын далилдөө каражаттарына муктаж болбогон ал жеткис күчтүн учурларынан сырткары мындай себептерди ырастаган документтер тиркелет.
38. Субъект тарабынан ККМди каттоодон чыгаруу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде ККМдин фискалдык отчетун алуу жана ККМди АМСтен каттоодон чыгаруу жөнүндө маалыматтарды киргизүү жолу менен ККМ каттоодон чыгарылат.
Маалыматтар киргизилгенден кийин АМС маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы менен салыштырып текшерет жана каттоодон чыгарат же баш тартуунун себебин көрсөтүү менен ККМди каттоодон чыгаруудан баш тартат.
39. Уюм, ага башка уюм кошулуп, кайра түзүлгөн учурлардан сырткары жоюлганда же кайра түзүлгөндө, ошондой эле жеке ишкердин иши токтотулганда уюмду кайра түзүү же жоюу жана жеке ишкердин ишин токтотуу жол-жоболору башталган күнгө чейин ККМ АМСтен каттоодон чыгарылууга тийиш.
40. ККМдин мамлекеттик реестринен чыгарылган ККМ субъекттерге 10 (он) жумуш күндөн мурда алдын ала кабарлоо менен 30 (отуз) календарлык күндүн ичинде АМСтен каттоодон чыгарылууга тийиш.
41. Салык контролун жүргүзүүдө ККМди пайдаланууга карата талаптардын бузулгандыгы аныкталган учурда салык органы ККМдин ишин убактылуу токтотууга же ККМди АМСтен каттоодон чыгаруу үчүн чараларды көрүүгө укуктуу.
42. ТТБнын жооптуу адамы тарабынан ККМди АМСте каттоо, кайра каттоо жана каттоодон чыгаруу тартибин ыйгарым укуктуу салык органы белгилейт.
Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартибине 1-тиркеме
Форма Акча каражаттарын эсепке алуу КИТЕБИ Субъекттин аталышы __________________________________________________ ИСН __________________________ (уюмдун аталышы, жеке ишкердин аты-жөнү)
ККМдин моделинин аталышы_____________ ККМдин заводдук номери______________ ККМдин каттоо номери______________
Датасы жана убактысы
Квитанция-нын сериясы жана номери
Операция-нын түрү (сатуу, сатып алуу же кайтаруу)
Кайтаруу таризделген кассалык чектин катар номери
Төлөө түрү (накталай/ накталай эмес)
Сумма
Сатып алуучунун же кардардын аталышы жана ИСН
ККМ аркылуу чыгарылган кассалык чектин номери
Кассир- операцио-нисттин колу
Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартибине 2-тиркеме
Форма
Контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборунун директору _____________________________ ____________________________ (жетекчи же ишенимдүү адам)
Контролдук-кассалык машинаны каттоо жөнүндө АРЫЗ Контролдук-кассалык машинаны эсепке алууну өтүнөм:
1)
Субъекттин аталышы
2)
Субъекттин ИСН
3)
Субъекттин юридикалык дареги
4)
Салыктык каттоодон өткөн жери
5)
Субъект тарабынан колдонулуучу салык режими (жалпы же атайын салык режими)
6)
Субъекттин байланыш телефон номери
7)
Объекттин түрү
8)
Объекттин аталышы
9)
Объекттин жайгашкан жеринин дареги
10)
Субъекттин ишинин түрү
11)
ККМдин модели
12)
ККМдин заводдук номери
13)
ККМдин техникалык паспортунун номери
14)
Фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштүн номери
Жетекчи/ субъекттин ишенимдүү адамы
_____________________ (колу)
______________________ (аты-жөнү)
М.О.
Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартибине 3-тиркеме
Форма Контролдук-кассалык машинаны КАТТОО КАРТОЧКАСЫ Субъекттин аталышы ________________________________________________________ (уюмдун аталышы, жеке ишкердин аты-жөнү)
ИСН __________________________________ МСК башкармалыгынын коду _____________ МСКнын_______________________________________ боюнча башкармалыгы (салыктык же эсептик катталган шаар, район)
№
ККМ катталган датасы
ККМдин каттоо номери
ККМдин модели
ККМдин заводдук номери
ФМБТ номери (*)
ТТБнын аталышы
ККМди орнотуунун иш жүзүндөгү дареги
ККМдин фискалдык эстутумунун көрсөткүчтөрү
ККМди эсепке алуудан чыгаруу жөнүндө белги
1
2
3
(*) ФМБТ – фискалдык маалыматтарды берүү түзүлүшү.
Контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборунун жетекчиси
___________________ (колу)
________________________ (аты-жөнү)
М.О.
Арткы бети Оңдоого берип жаткан учурда жана аны субъектке кайтарууда контролдук-кассалык машинанын башкы суммаланган эсептегичинин КӨРСӨТКҮЧҮ
Датасы
ККМдин башкы суммаланган эсептегичинин көрсөткүчү
ТТБнын жооптуу адамынын колу
Субъекттин колу
оңдоого жөнөтөөр алдында
ККМди субъектке кайтарып жаткан учурда
Контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана колдонуу тартибине 4-тиркеме
Форма
Контролдук-кассалык машиналарды техникалык тейлөө борборунун директору _____________________________ ____________________________ (жетекчи же ишенимдүү адам)
Контролдук-кассалык машинаны каттоодон чыгаруу жөнүндө АРЫЗ
Контролдук-кассалык машинаны каттоодон чыгарууңузду суранам:
1)
Субъекттин аталышы
2)
Субъекттин ИСН
3)
Субъекттин юридикалык дареги
4)
Салыктык каттоодон өткөн жери
5)
Субъект тарабынан колдонулуучу салык режими (жалпы же атайын салык режими)
6)
Субъекттин байланыш телефон номери
7)
ККМдин каттоо номери
8)
ККМдин модели
9)
ККМдин заводдук номери
10)
Фискалдык маалыматтарды берүүчү түзүлүштүн номери
11)
ККМ катталган датасы
12)
ККМди каттоодон чыгаруунун себеби
Жетекчи/ субъекттин ишенимдүү адамы
_____________________ (колу)
______________________ (аты-жөнү)
М.О.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2025 · № 238
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 17.12.2019 · № 691 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон