Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 27-ноябры № 644 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Жайыттарды пайдалануу боюнча маселелерди жөнгө салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы № 386 "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пунктундагы "2020" деген цифралар "2030" деген цифраларга алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-1 жана 4-2-пункттар менен толукталсын:
"4-1. Узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жайыт участокторун пайдалануу үчүн жыйымдарды чогултуу ушул участокту пайдалануучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан ишке ашырылат. Каражат жайыт участокторун пайдаланууга укук алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жергиликтүү бюджетине түшөт жана жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына ылайык жайыттар менен жайыт инфраструктураларын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө жумшалат. 4-2. Узак мөөнөттүү пайдаланууга берилген жайыт участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жер участогу эсептик каттоого алынган жери боюнча төлөнөт.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 "«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 19.06.2009 · № 386
- 2023-жылдын 15-16-декабрында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында өткөрүлгөн II Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан кабыл алынган Резолюция боюнча түзүлгөн 84…План · 01.04.2024 · № 61
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386 "«Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуПостановление · 19.06.2009 · № 386
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон