Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19- октябрындагы № 224 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу „Инфосистемс“ мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2021-жылдын 19- октябры № 224 Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө Бюджеттик процессти автоматташтыруу милдеттерин оперативдүү чечүүнү, мамлекеттик финансыны башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагындагы иш-чараларды сапаттуу ишке ашырууну, мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууну, салыктык жол-жоболорду, бажылык башкарууну фискалдаштырууну камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 5-2-пункт менен толукталсын:
"5-2. Ушул токтомдун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасына жайылтылбай тургандыгы белгиленсин.".
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасы үч жылдын ичинде жылдык финансылык-чарбалык иштин жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешени толук өлчөмдө өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планды) ишке ашырууга багыттоого укуктуу экендиги аныкталсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11- сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.09.2019 · № 468
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу "Инфосистемс" мамлекеттик ишканасынын "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-октябрындагы N 224…Устав · 19.10.2021 · № 224
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-июлундагы № 407 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-октябрындагы № 224 "Кыргыз…Постановление · 11.07.2025 · № 407
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11- сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.09.2019 · № 468
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122