22-статья. Саламаттык сактоо уюмдарынын укуктары
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Саламаттык сактоо уюмдары:
- финансылык-чарбалык ишке;
- өз уставына (жобосуна) ылайык ишти жүзөгө ашырууга;
- өзүнүн ишин толук көлөмдө финансылоону камсыз кылууга;
- улуттук, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга катышууга;
- медициналык-санитардык жардам сурап кайрылган жарандардан алардын ден соолугунун абалы, медициналык ишти жүзөгө ашыруучу башка адамдар тарабынан жүргүзүлгөн дарылоонун натыйжалары жөнүндө зарыл маалыматтарды алууга;
- жарандын макулдугу менен аны кароону же дарылоону жүргүзгөн адамдардан маалыматтарды суратып алууга;
- эмгекке убактылуу жарамсыздык баракчасы, туулгандыгы жөнүндө, өлгөндүгү жөнүндө маалымкатты жана башка медициналык документтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берүүгө;
- айлана-чөйрөнүн адамга зыяндуу таасири жөнүндө маалымат алууга;
- кесиптик медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдарды түзүүгө же саламаттык сактоо уюмдарынын, кесиптик-медициналык жана фармацевттик коомдук уюмдардын ассоциацияларына (бирликтерине) кирүүгө укуктуу.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 10-б "Пилоттук саламаттык сактоо уюмдарынын консолидацияланган бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун убактылуу тартиби 2-тиркемеге ылайык…Распоряжение · 17.01.2017 · № 10-р · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1515/st-22" title="22-статья - Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>