32-статья. Соттун ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Сот гана төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
1) адамды кылмыш жасагандыгы боюнча күнөөлүү деп табууга жана ага жаза дайындоого;
2) соттолуучуну актоого;
3) адамга медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонууга;
4) адамга тарбиялык таасир берүүчү мажбурлоочу чараларды колдонууга;
5) жекече аныктама чыгарууга.
(2) Сот ошону менен катар эле соттук заседаниеге даярдануунун жүрүшүндө төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу:
1) соттолуучуга карата бөгөт коюу чарасын тандоо, өзгөртүү, бузуу жөнүндө;
2) процесстин катышуучуларына карата процесстик мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө;
3) иш боюнча өндүрүштү токтото туруу жөнүндө;
4) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;
5) тергөөдөгү мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн ушул Кодекстин 264-статьясында каралган тартипте прокурорго ишти кайра кайтаруу жөнүндө.
(3) Сот жарандардын жана юридикалык жактардын тергөөчүнүн, прокурордун чечимине карата даттанууларын ушул Кодекстин 131-132-статьяларында каралган тартипте карайт. (4) Соттун чечими иш боюнча жаңы чечим кабыл алууга укуктуу болгон жогору турган сот тарабынан гана жокко чыгарылышы же өзгөртүлүшү мүмкүн. (5) Сот жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароого укуктуу.".
8. 46-статьянын 7-пунктундагы "шектүүнүн, айыпкердин соттолуучунун" деген сөздөр "шек саналгандардын, айыпталгандардын же соттолуучунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 47-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "46-статьясында" деген сөздөр "46-статьясынын 2-5-пункттарында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 71-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"71-статья. Ишти кароого судьялардын кайталап катышуусунун жол берилгистиги (1) Биринчи инстанцияда сотто ишти кароого катышкан судья ошол эле ишти апелляциялык жана кассациялык тартипте, көзөмөлдүк тартибинде кароого, ошондой эле ал чыгарган ишти кыскартуу жөнүндө өкүм же токтом (аныктама) бузулгандан кийин биринчи инстанциядагы сотто ошол эле ишти жаңыдан кароого катыша албайт. (2) Апелляциялык жана кассациялык тартипте ишти кароого катышкан судья ошол эле ишти көзөмөлдүк тартибинде кароого катыша албайт. (3) Анын катышуусу менен чыгарылган соттун чечими жокко чыгарылган учурда судья ишти апелляциялык жана кассациялык тартипте же көзөмөлдүк тартибинде кароого кайталап катыша албайт. (4) Ишти апелляциялык, кассациялык же көзөмөлдүк тартибинде, болбосо жаңыдан ачылган кырдаалдар боюнча кароого катышкан судья ошол эле ишти биринчи инстанциядагы сотто кароого катыша албайт.".
11. 73-статьянын бешинчи бөлүгүндөгү "тараптардын кимдир бирөөнө" деген сөздөр ", прокурорго, жактоочуга," деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12. 109-статья төмөнкүдөй мазмундагы онунчу бөлүк менен толукталсын:
"(10) Күрөө түрүндөгү бөгөт коюу чарасын камакка алуу менен алмаштыруу учурунда, эгерде бул шек саналгандын же айыпталгандын талаптагыдай эмес жүрүш-турушу менен байланышпаган болсо, күрөө берүүчүгө күрөө кайра кайтарылат.".
13. 114-статьядагы "кылмыштын оордугуна же аны бир нече жолу жасалгандыгына" деген сөздөр "оор кылмыш катары квалификацияланган жаза чарасын колдонулуучу жосунду бир нече курдай жасагандыгы же өтө оор кылмыш жасагандыгы менен айыпталгандыгына" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14. 132-статьяда:
биринчи бөлүктөгү "бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу же аны өзгөртүү тандалып алынганда" деген сөздөр алып салынсын; үчүнчү бөлүктүн 5-пункту алып салынсын; акыркы абзацтагы "шектүүлөрдү жана айыпкерлерди камакка кармоочу жерлердин кызматкерлери," деген сөздөр алып салынсын; төртүнчү бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.
15. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 132-1-статья менен толукталсын:
"132-1-статья. Бөгөт коюу чарасы катары тергөөчүнүн, прокурордун камакка алууну колдонушуна даттанууну кароонун соттук тартиби (1) Бөгөт коюу чарасы катары тергөөчүнүн, прокурордун камакка алууну колдонушуна, ошондой эле камакка алуу мөөнөтү" узартууга даттанууну камакта жаткан адам, анын жактоочусу же мыйзамдуу өкүлү камактагы адамдын камакта жаткан жери боюнча түздөн-түз райондук (шаардык) сотко берет. (2) Адам камакта жаткан жердин администрациясы ал адамдын арест же камакта кармоо мөөнөтүн узартууга сотко жолдонгон даттануусу алынары менен дароо эле, жок дегенде аны алган учурдан тартып жыйырма төрт сааттан кечиктирбестен ал туурасында прокурорго кабарлоо менен аны тийиштүү сотко жөнөтөт. (3) Тергөөчү жана прокурор жыйырма төрт сааттын ичинде келип түшкөн даттанууну бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу же камакта кармоо мөөнөтүн узартуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн ырастаган материалдар менен бирге сотко жөнөтүүгө милдеттүү. Эгерде даттануу ал адам камакта жаткан жердин администрациясы аркылуу берилген болсо, прокурор аталган материалдарды адам камакта жаткан жердин администрациясынан ал алынган учурдан баштап жыйырма төрт сааттын ичинде ал адам даттанууну бергендиги жөнүндө билдирүүнү сотко жөнөтүүгө милдеттүү. (4) Эгерде тергөөчү же прокурор керектүү деп таппаса, даттанууну берүү ал чечилгенге чейин бөгөт коюу чарасы катары камакка кармоо жөнүндө токтомдун күчүн токтото албайт жана ал адамды камактан бошотууга алып келбейт. (5) Судья бөгөт коюу чарасы катары камакка алуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн ырастаган материал алынган күндөн баштап үч суткадан кечиктирбестен арест же камакка алуу мөөнөтүн узартуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерет. (6) Арест же камакка алуу мөөнөтүн узартуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн соттук текшерүү прокурордун, жактоочунун, эгерде ишке катышып жаткан болсо, ошондой эле камакта жаткан адамдын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен жабык заседаниеде жүргүзүлөт. Судья камакта жаткан адамды заседаниеге чакыра алат. Даттанууну кароо күнү жөнүндө өз убаганда кабар кылынган тараптардын жүйөлүү себепсиз келбей калышы соттук текшерүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. (7) Арест же камакка алуу мөөнөтүн узартуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн соттук текшерүүнү камакта жаткан адам жокто жүргүзүүгө өзгөчө учурларда гана, ал адам даттанууну ал жокто кароо жөнүндө өтүнүч кылганда, болбосо заседаниеге катышуудан өз демилгеси менен баш тартканда гана жол берилет. (8) Заседаниенин башталышында судья кандай даттануу карала тургандыгын жарыя кылат, заседаниеге келген адамдарды тааныштырат, аларга алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт. Андан кийин, эгерде даттанууну кароого катышып жатса, арыз ээси даттанууну негиздейт, андан кийин заседаниеге келген башка адамдар угулат. (9) Соттук текшерүүнүн натыйжасында судья төмөнкүдөй токтомдордун бирин чыгарат:
1) камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын бузуу жана адамды камактан бошотуу;
2) даттанууну канааттандыруусуз калтыруу.
(10) Эгерде заседаниеде бөгот коюу чарасы катары камакка алуунун же камакта кармоо мөөнөтүн узартуунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн ырастаган материалдар сунуш кылынбаган болсо, судья мындай бөгөт коюу чарасын бузуу жөнүндө жана адамды камактан бошотуу жөнүндө токтом чыгарат. (11) Судьянын токтому жүйөлүү болууга тийиш. (12) Судья камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын бузуу жөнүндө токтом чыгаруу менен бир эле учурда мыйзамда каралган башка ар кандай бөгөт коюу чарасын тандап алууга укуктуу. (13) Судьянын токтомунун көчүрмөсү прокурорго жана арыз ээсине жиберилет, ал эми адамды камактан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда дароо аткаруу үчүн адам камакта турган жерге жиберилет. Эгерде камакта жаткан адам заседаниеге катышса, ал жогоруда көрсөтүлгөн учурда соттук заседание залынан дароо судья тарабынан камактан бошотулат. (14) Даттануу канааттандырылбастан калтырылган учурда судья тарабынан ошол эле адамдын ошол эле иши боюнча даттанууну кайталап кароосуна, эгерде бөгөт коюу чарасы катары камакка алууну бузуудан же өзгөртүүдөн кийин тергөөчү же прокурор тарабынан кайрадан тандалып алынган болсо, ушул статьяда каралган тартипте жол берилет. (15) Ушул статьяга ылайык чыгарылган судьянын токтому кассациялык тартипте да жана көзөмөлдүк тартибинде да даттанылышы мүмкүн.".
16. 148-статьянын биринчи бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм алынып салынсын.
17. 163-статьяда:
биринчи бөлүктөгү "97-122" деген сандар "97-109, 111-статьялары, 112-статьянын биринчи бөлүгү, 113-122-статьялары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "123-128" деген сандар "123-125-статьялары, 126-статьянын экинчи бөлүгү" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "192-196" деген сандар "192, 193, 195, 196" деген сандар менен алмаштырылсын; үчүнчү бөлүктөгү "134-152-статьялар" деген сөздөр "136-статьянын үчүнчү бөлүгү, 137-статьянын экинчи бөлүгү, 138-статья, 139-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 142 145, 147-149, 152-статьялары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; бешинчи бөлүктөгү "178-180" деген сандар "179, 180" деген сандар менен алмаштырылсын; сегизинчи бөлүктөгү "317-334" деген сандар "317-323-статьялары, 324-статьянын экинчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 325-334-статьялары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
18. 239-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Айыпталуучунун жана жабырлануучунун токтомдун көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндөгү тилкаты ишке тиркелет.".
19. 240-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"240-статья. Жазык иштеринин сотко караштуулугу (1) Райондук (шаардык) сотторго ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган иштерден тышкары бардык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери караштуу. (2) Гарнизондордун аскер сотторуна аскер кызматчылары, ошондой эле аскерге милдеттүүлөрдүн жыйынына чакырылгандар жасаган бардык кылмыштар жөнүндөгу жазык иштери караштуу. (3) Бир адамды же адамдардын тобун бир нече кылмыш жасады деп айыптоодо, эгерде иштеги кылмыштардын бири эле аскердик сотуна, ал эми башкалары райондук (шаардык) сотторго караштуу болсо, бардык кылмыштар жөнүндөгү иш аскердик сот тарабынан каралат. (4) Адамдардын тобун бир же бир нече кылмыш жасады деп айыптоодо, эгерде ал адамдардын биринин эле иши аскердик сотко, ал эми калгандарыныкы райондук (шаардык) сотко караштуу болсо, аскер кызматчысына тиешелүү ишти өзүнчө бөлүү мүмкүн болбогондо, бардык айыпталуучуга карата иш аскердик сот тарабынан каралат.".
20. 242-статьяда:
экинчи бөлүк алып салынсын; үчүнчү бөлүк экинчи бөлүк болуп эсептелсин жана ал төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: (2) Ушул Кодекстин 70, 71-статьяларында көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы же анын орунбасары өзүнүн токтому менен ишти кароо үчүн бир соттон экинчисине өткөрүп берет. Ушундай эле негиздер боюнча областтык соттун, Бишкек шаардык сотунун төрагасы ишти бир райондук (шаардык) соттон экинчисине, Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасы ишти гарнизондун бир аскердик сотунан экинчисиие өткөрүп берүүгө укуктуу, бул туурасында токтом чыгарылат;"; статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын: "(3) Жогору турган сот төмөн турган соттун чечимин бузуу менен ушул Кодекстин 70, 71-статьяларында көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда, ишти жаңыдан кароого башка сотко жиберүүгө укуктуу.".
21. 246-статьяда:
статьянын аталышындагы "же аны сотко караштуулугу боюнча жөнөтүү" деген сөздөр алып салынсын; төртүнчү бөлүктөгү "иш боюнча өндүрүштү токтото турат" деген сөздөр алып салынсын; биринчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын: "5) экспертизаны дайындоодо иш боюнча өндүрүштү токтото турат."; үчүнчү бөлүк алып салынсын; төртүнчү бөлүк үчүнчү бөлүк болуп эсептелсин.
22. 249-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү бөлүктөр менен толукталсын:
(2) Ишти кыскартуу жөнүндө маселе судья (сот) тарабынан соттук заседаниеде прокурордун, жабырлануучунун, айыпталуучунун, жактоочунун, мыйзамдуу өкүлдүн, жарандык доочунун, жарандык жоопкердин катышуусу менен чечилет. Ишке катышуучу адамдардын кимдир бирөөсүнүн келбей калышы сот заседаниесин өткөрүүгө тоскоолдук кылбайт. Ушул Кодекстин 28-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 10 жана 11-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер боюнча ишти кыскартууга айыпталуучунун макулдугу боюнча гана жол берилет. Айыпталуучунун күнөөсүнүн далилденгендиги жөнүндө маселе соттук заседаниеде талкууланбайт, далилдер иликтенбейт. (3) Төрагалык кылуучу процесстин келген катышуучуларына сот заседаниесин өткөрүүнүн максаты жөнүндө маалымдайт. Судья (сот) эаседаниенин ар бир катышуучусунун сөзүн угат жана өзүнчө бөлмөгө чыгып кетет. Судья (сот) ушул Кодекстин 268-статьясынын талаптарына ылайык токтом (аныктама) чыгарат. Соттук заседаниеде соттук заседаниенин катчысы протокол жүргүзөт.".
23. 251 жана 252-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"251-статья. Сот заседаниесине чакыруулар (1) Сот процессине катышуучулар болуп саналган адамдардын - күбөлөрдүн, эксперттин, адистин, котормочунун, калыс күбөлөрдүн келишин айыптоочу жана жактоочу тараптары камсыз кылат. (2) Прокурор соттолуучуну, жабырлануучуну, экспертти, адисти, котормочуну, калыс күбөлөрдү жана айыптоочу тараптан күбөлөрдү, жарандык доочуну жана жоопкерди чакырат. (3) Жактоочу өз тарабынан күбөлөрдү чакырат. Эгерде иш боюнча жактоочу катышпаса, анда соттолуучу тараптан күбөнү сот чакырат.
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1510/st-32" title="32-статья - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>