Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
252-статья. Соттук териштирүүнүн мөөнөтү
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Судья (сот) жазык ишин кароону соттук териштирүүгө ишти дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган күндөн баштап 14 суткадан кечиктирбестен баштоого тийиш. (2) Анча оор эмес же жеңил кылмыш жөнүндө жазык иши судья (сот) тарабынан маңызы боюнча бир айлык мөөнөттө, ал эми оор же өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө иш ал келип түшкөн күндөн тартып эки айлык мөөнөттө чечилүүгө тийиш. (3) Ушул Кодекстин 250-статьясына ылайык иштин бардык материалдары менен таанышууга тараптарга берилген убакыт, ошондой эле соттук териштирүү ушул Кодекстин 265-статьясынын негизинде токтотула турган убакыт соттук териштирүүнүн мөөнөтүнө кирбейт.".
24. 258-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "жабырлануучунун даттануусунун негизинде гана" деген сөздөр "жеке айыптоо" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
25. 260-статьянын экинчи бөлүгү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "44-статьясынын бешинчи бөлүгүндө жана" деген сөздөр менен толукталсын.
26. 263-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"263-статья. Эксперттин, адистин соттук териштирүүгө катышуусу Эксперт, адис соттук териштирүүгө ушул Кодекстин 62, 63, 64 жана 65-статьяларында каралган тартипте катышат.".
27. 264-статьянын үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"(3) Соттук заседаниеде айыптоо кыйла оор же коюлган айыптоодон олуттуу айырмаланган айыптоого өзгөрткөн учурда, кылмыштын башка катышуучуларын жоопко тартуу, ошондой эле тергөөнүн башка мүчүлүштүктөрүн жоюу зарылчылыгы болгон учурда прокурор ишти тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч кылууга милдеттүү, ал эми жабырлануучулар жана процесстин башка катышуучулары ал туурасында расмий өтүнүч билдирүүгө укуктуу. Судья расмий өтүнүчтү карап көрүп, өзүнүн токтому менен ишти прокурорго кайра кайтарууга, болбосо өтүнүчтү четке кагууга жана соттук териштирүүнү улантууга укуктуу. Сот тергөөнүн мүчүлүштүктөрүн сотто жоюу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда ишти прокурорго өткөрүп берүүгө укуктуу. Зарыл тергөө аракеттери жасалгандан кыйын тергөөчү жана прокурор ушул Кодекстин 229-239-статьяларында каралган процесстик аракеттерди аткарат жана соттук териштирүү жалпы тартипте улантылат.".
28. 265-статьяда:
биринчи бөлүктө: биринчи сүйлөм "сот" деген сөздөн кийин "өзүнүн аныктамасы (судья өзүнүн токтому) менен" деген сөздөр менен толукталсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Прокурор аныктаманы (токтомду) аткарбаган учурда сот (судья) ишти прокурорго кайра кайтарат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын: "(5) Экспертизаларды дайындоодо сот экспертизанын корутундусу сотко түшкөнгө чейин иш боюнча өндүрүштү токтото турат:
29. 266-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "4-11 деген сандар "3-14" деген сандар менен алмаштырылсын.
30. 267 жана 268 статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"267-статья. Бөгөт коюу чарасы жөнүндө маселени чечүү. Камакта кармоонун мөөнөтү жана аны узартуу тартиби (1) Ишти жүргүзүүгө кабыл алган учурдан тартып өкүмдү (аныктаманы, токтомду) аткарууга чейин судья (сот) айыпталуучуга (соттолуучуга, акталганга) карата бөгөт коюу чарасын тандоого, өзгөртүүгө же бузууга укуктуу. (2) Айыпталуучуну (соттолуучуну) камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы соттук териштирүү мөөнөтүндө колдонулушу мүмкүн. Бул мөөнөт, эгерде тергөөчү, прокурор тандаган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы судья тарабынан өзгөрүүсүз калтырылган болсо, иш сотко келип түшкөн күндөн баштап эсептелет. (3) Өзгөчө учурларда соттук териштирүүнү аяктоо мүмкүн болбогондо жана бөгөт коюу чарасын өзгөртүү же бузуу үчүн негиздер жок болгон учурда судьянын жүйөлүү токтому менен соттолуучуну камакта кармоо мөөнөтү иш каралып бүткөнчө узартылышы мүмкүн. (4) Бир эле иш боюнча, ошондой эле ошол ишке бириктирилген же андан бөлүнгөн жазык иши боюнча соттолуучуну кайталап камакка алуу учурунда камакта болгон мөөнөт ал мурда камакта болгон убакытты эске алуу менен эсептелет. (5) Соттолуучуну камакта кармоонун мөөнөтүн узартуу жөнүндө мөөнөт аяктаганга чейин жети суткадан кечиктирбестен сот аныктама, ал эми судья токтом чыгарат. Кабыл алынган чечим жүйөлүү болууга тийиш.
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1510/st-252" title="252-статья - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>