1-статья
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 10,442-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын биринчи бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Конституциясы" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 5-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"кассациялык инстанциядагы сот - үч судьянын курамында иштеген, мурда апелляциялык тартипте даттанылбаган, соттук чечимдин мыйзамдуу күчүнө киришине даттануулар жана сунуштар боюнча иштерди караган областтык соттор, Бишкек шаардык соту, Кыргыз Республикасынын Аскердик соту;"; бешинчи-кыркынчы абзацтар тиешелүүлүгүнө жараша алтынчы-кырк биринчи абзацтар болуп эсептелсин.
3. 12-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:
"(5) өзүнүн кылмыш жасагандыгын моюнга алышынын негизинде эч ким соттолууга тийиш эмес.".
4. 26-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жеке айыптоо иштерине: 110-статьяда, 112-статьянын экинчи бөлүгүндө, 126-статьянын биринчи бөлүгүндө, 127, 128-статьяларда, 134-статьяда, 135-статьяда, 136-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө, 137-статьянын биринчи бөлүгүндө, 139-статьянын биринчи бөлүгүндө, 140, 141, 146, 150, 151, 178, 194-статьяларда, 324-статьянын биринчи бөлүгүндө каралган кылмыштар жөнүндөгү иштер кирет. Ал жабырлануучунун даттануусу боюнча козголот жана тараптардын жарашуусу менен токтотулат. Жарашуу өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин болушу мүмкүн.".
5. 27-статьяда:
экинчи бөлүк алып салынсын; үчүнчү бөлүк экинчи бөлүк болуп эсептелсин.
6.28-статьянын биринчи бөлүгү:
7-пункт ", өлгөн адамды реабилитациялоо же башка жактарга карата ишти тергөө үчүн иш жүргүзүү боюнча зарыл болгон учурлардан тышкары;" деген сөздөр менен толукталсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 12, 13, 14-пункттар менен толукталсын: "12) жабырлануучу жеке жана жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканда;
13) прокурор жаран (адам) жабырлануучу болуп саналбаган иш боюнча жеке - ачык айыптоону колдоодон баш тартканда;
14) жабырлануучу жана прокурор ачык айыптоону колдоодон баш тартканда.".
7. 31 жана 32-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31-статья. Соттун курамы (1) Жазык иштерин кароону сот тарабынан коллегиялуу же судья тарабынан жекече жүзөгө ашырылат. (2) Өзгөчө жазалоо чарасы катары өлүм жазасы колдонулушу мүмкүн болгон кылмыш жасагандыгы менен адамды айыптоо боюнча, жашы жетелектерди айыптоо боюнча жазык зыян кароо судьянын төрагалыгы астында жана эки соттук заседателдин катышуусу менен биринчи инстанциядагы сот тарабынан жүзөгө ашырылат. Башка жазык иштери биринчи инстанциядагы соттун судьясы тарабынан жекече жүзөгө ашырылат. (3) Жазык иштерин апелляциялык тартипте кароо үч судьянын курамындагы соттук коллегия тарабынан жүзөгө ашырылат. (4) Жазык иштерин кассациялык тартипте кароо областтык жана ага теңештирилген соттун үч судьянын курамындагы соттук коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. (5) Жазык иштерин көзөмөл тартибинде кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегия тарабынан үч судьядан турган курамда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Президиуму тарабынан кеминде жети судьядан турган курамда жүзөгө ашырылат. (6) Жазык иши үч судьядан турган курамдагы сот тарабынан каралганда ошол соттун төрагасынын же анын орунбасарынын тапшыруусу боюнча алардын бири төрагалык кылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиумунун заседаниесинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы, болбосо анын тапшыруусу боюнча Президиумдун мүчөлөрүнүн бири төрагалык кылат.
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (3)
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөЗакон · 18.07.2003 · № 153 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1510/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>