319-статья. Ошол уюмда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам болгон кызматкерлерди жумушка орноштуруу боюнча иш берүүчүлөрдүн укуктары жана милдеттери. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык жактан камсыз кылуу
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 25-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Иш берүүчү ошол уюмда эмгектик мертинүүнүн же кесиптик оорунун кесепетинен Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам болгон кызматкерлерди жумушка орноштуруу үчүн жаңы жумуш орундарын бөлүүгө же түзүүгө милдеттүү. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган талаптар аткарылбаган учурда иш берүүчү ошол кызматкерлер менен эмгек келишимин токтотууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. Пенсияга чыкканга чейин иш берүүчүдө иштеген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга медициналык тейлөө, турак жай менен камсыз болуу ден соолук чыңдоочу жана профилактикалык мекемелерге жолдомолор, ошондой эле жамааттык келишим, макулдашуулар менен каралган башка социалдык кызмат көрсөтүүлөр жана жеңилдиктер боюнча анын кызматкерлери менен катар эле болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга укуктарын сактайт. Иш берүүчү өздүк каражаттарынын эсебинен башкалардын жардамына жана багуусуна муктаж болгон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, жалгыз бойлордун пенсияларына үстөктөрдү жана кошумча төлөөлөрдү белгилөөгө, ошондой эле жамааттык келишим, макулдашуулар менен каралган башка жеңилдиктерди берүүгө укуктуу.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
319-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-319" title="319-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>