Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
250-статья. Жабырлануучу (багар-көрөрү) каза болгон учурда зыяндын ордун толтуруу өлчөмү
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 18-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Каза болгон адамдын багуусунда турган жана анын каза болушуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укугу бар адамдарга зыян каза болгон адамдын орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө ага туура келүүчү үлүштү чыгарып салуу менен аныкталат. Ушул ордун толтурууга укугуна ээ адамдардын ар бирине зыяндын ордун толтуруу өлчөмүн аныктоо үчүн багар-көрөрү эмгек акысынын бардык көрсөтүлгөн адамдарга туура келүүчү бөлүгү алардын санына бөлүнөт. Каза болгон адамдын багуусунда болбогон, бирок зыяндын ордун толтурууга укугу бар эмгекке жарамсыз адамдарга анын өлчөмү төмөнкү тартипте аныкталат: эгерде багууга каражат соттун чечиминин негизинде өндүрүлүп алынса, анда зыяндын ордун толтуруу сот дайындаган суммада аныкталат; эгерде багууга каражат соттук тартипте өндүрүлбөсө, анда зыяндын ордун толтуруу өлчөмү эмгекке жарамсыз адамдын материалдык абалын жана каза болгон адамдын тирүү кезинде аларга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен белгиленет. Эгерде зыяндын ордун толтуруу укугуна каза болгон адамдын багуусунда болгон да, анын багуусунда болбогон да адамдар бир эле мезгилде укуктуу болсо, анда адегенде каза болгон адамдын багуусунда болбогон адамдар үчүн зыяндын ордун толтуруу өлчөмү аныкталат. Аларга белгиленген зыяндын ордун толтуруу суммасы багар-көрөрүнүн эмгек акысынан алынып салынат, андан кийин эмгек акынын калган суммасына негизденип, ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө каралган тартипте каза болгон адамдын багуусунда болгон адамдарга зыяндын ордун толтуруу өлчөмү аныкталат. Багар-көрөрү каза болгондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууну аныктоодо каза болгон адамдын эмгек акысынын курамында тирүү кезинде алган пенсиясы, алган каражаттары жана башка ушул өңдүү төлөмдөрү эске алынат. Зыяндын ордун толтуруу өлчөмүн аныктоодо багар-көрөрү каза болгондугуна байланыштуу адамдарга дайындалган пенсия, ага тете багар-көрөрү каза болгонго чейин да, андан кийин да дайындалган пенсиялардын башка түрлөрү, ошондой эле ушул адамдар алуучу эмгек акылар, стипендиялар жана башка кирешелер алардын зыяндын ордун толтуруу эсебине киргизилбейт.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 30 ноября 2006 года №14 "О некоторых вопросах судебной практики применения законодательства о возмещении вреда, причиненного жизни и…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 30.11.2006 · № 14Пункттар: п. 15
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 30 ноября 2006 года №14 "О некоторых вопросах судебной практики применения законодательства о возмещении вреда, причиненного жизни и…Постановление Пленума Верховного суда · 30.11.2006 · № 14
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-250" title="250-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>