Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
249-статья. Жабырлануучу (багар-көрөрү) каза болгон учурда зыяндын ордун толтурууга укугу бар адамдар
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 18-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Жабырлануучу (багар-көрөрү) каза болгон учурда зыяндын ордун толтурууга төмөнкүлөрдүн укугу:
1) каза болгон адамдын багуусунда болгон же ал каза болгон күнгө карата анын багуусунда болууга укугу бар эмгекке жарамсыз адамдар;
2) ал каза болгондон кийин төрөлүп, каза болгон адамдын баласы;
3) иштебеген жана каза болгон адамдын 14 жашка толо элек же көрсөтүлгөн жашка толсун, бирок медицина органдарынын корутундусу боюнча ден соолугунун абалы боюнча башкалардын багуусуна муктаж болгон балдарын, неберелерин, инилерин, карындаштарын багып жаткан, эмгекке жарамдуулугуна карабастан ата-энелеринин, жубайлардын (экөөнүн бирөө) же үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн бири;
4) каза болгон адамдын багуусунда болгон жана ал каза болгондон кийин 5 жылдын ичинде эмгекке жарамсыз болуп калган адам.
Эмгекке жарамсыз деп төмөнкүлөр эсептелет: 18 жашка чыга элек, ошондой эле күндүзгү уюмдарында окуган 18 жаштагы жана андан улуу, бирок 23 жаштан улуу эмес адам; белгиленген тартипте ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам деп табылган пенсия курагында адам. Каза болгон адамдын багуусундагы эмгекке жарамсыз адамдар аны менен туугандык мамиледе болгонуна же болбогонуна карабастан зыяндын ордун толтуртууга укугу бар. Багуудагы адамдардын бул укугу мыйзам боюнча аларды багууга милдеттүү адамдар болгондо күчүн жоготпойт. Каза болгон адам тирүү кезинде эмгек акы же пенсия жана башка төлөмдөрдү алган эмгекке жарамсыз адамдар, эгерде каза болгон адам тарабынан берилген каражат ошол адам үчүн анын жашоосунун негизги жана туруктуу булагы болуп эсептелсе анын багуусундагы адамдар деп эсептелет. Жашы жете элек балдардын багууда болушу болжолдонот жана далилдөөнү талап кылбайт. Иштебеген жана каза болгон адамдын балдарын, неберелерин, ага-инилерин жана эже-сиңдилерин багып жаткан жана багуу мезгилинде эмгекке жарамсыз болуп калган ата-энесинин, жубайлардын (экөөнүн бирөө) же үй-бүлөнүн башка мүчөсү ушул адамдарды багуусу аяктагандан кийин зыяндын ордун толтурууга укугун сактайт. Өлгөн адамдын багуусунда болбогон, бирок ал каза болгон мезгилге карата анын багуусунда болууга укугу бар адамдарга нике жана үй-бүлө жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн эмгекке жарамсыз адамдар кирет.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 30 ноября 2006 года №14 "О некоторых вопросах судебной практики применения законодательства о возмещении вреда, причиненного жизни и…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 30.11.2006 · № 14Пункттар: п. 4, п. 38, п. 41
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 30 ноября 2006 года №14 "О некоторых вопросах судебной практики применения законодательства о возмещении вреда, причиненного жизни и…Постановление Пленума Верховного суда · 30.11.2006 · № 14
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-249" title="249-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>