261-статья. Зыяндын ордун толтуруу төлөнө турган мезгилдер
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 18-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Эмгек акынын жоготулган бөлүгү үчүн зыяндын ордун толтуруу эмгектик мертинүүгө байланыштуу кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу белгиленген мөөнөттүн ичинде, ал эми кошумча чыгымдар - аларга муктаждык аныкталган мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт. Жабырлануучунун каза болгонуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укуктуу адамдарга ордун толтуруу ушул Кодекстин 250-статьясына ылайык төлөнөт. Жабырлануучуга, ошондой эле жабырлануучунун каза болгонуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укуктуу адамдарга зыяндын ордун толтуруу алардын алган кирешелерине карабастан жүргүзүлөт.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
261-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-261" title="261-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>