152-статья. Кызматкерлердин эмгегине акы төлөө
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 13-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 мая 2016 года № 76
Иш берүүчү кызматкердин эмгегине ушул Кодекске, башка ченемдик укуктук актыларга, жамааттык келишимге жана эмгек келишимине ылайык акы төлөөгө милдеттүү. Кызматкерлердин эмгегине акы убакытка, аткарылган ишке жараша же эмгекке акы төлөөнүн башка тутумдары боюнча төлөнөт. Акы эмгектин жекече жана (же) жамааттык натыйжасы боюнча төлөнүшү мүмкүн. Эмгекке акы төлөө мыйзамда белгиленген эмгек акынын эң төмөнкү өлчөмүнөн аз болушу мүмкүн эмес. Кызматкерлердин эмгек акысы аткарылган иштин санына, сапатына жана татаалдыгына жараша аныкталат. Кызматкерлерге карата квалификациялык талаптар жана жумуштардын белгилүү бир түрлөрүнүн татаалдыгы жумушчулардын жумуштарынын жана кесиптеринин квалификациялык маалымдамасынын, кызматкерлердин кызмат орундарынын квалификациялык маалымдамасынын негизинде белгиленет. Мындай маалымдамаларды иштеп чыгуу жана колдонуу тартиби эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Аткарылуучу жумуштарды тийиштүү татаалдыкка таандык кылуу жана кызматкерлерге квалификациялык разряддарды белгилөө жумушчулардын жумуштарынын жана кесиптеринин квалификациялык маалымдамасына, кызматкерлердин кызмат орундарынын квалификациялык маалымдамасына ылайык иш берүүчү тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт. Эмгекке акы төлөөгө тиешелүү сыйакылардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. (КР 2016-жылдын 30-майындагы № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
152-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 30 мая 2016 года № 76 "О внесении изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
30.05.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эмгегине акы төлөө Иш берүүчү кызматкердин эмгегине ушул Кодекске, кошулду: башка ченемдик укуктук актыларга, жамааттык келишимге жана эмгек келишимине ылайык акы төлөөгө … сыйакылардын тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. кошулду: (КР 2016-жылдын 30-майындагы № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-апрелиндеги №147-б "COVID-19 короновирустук инфекциясынын жайылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу “Мамлекеттик жарандык кызмат жана…Распоряжение · 27.04.2020 · № 147-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-апрелиндеги № 147-б буйругуРаспоряжение · 27.04.2020 · № 147-б
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-152" title="152-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>