Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-01-23.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 30-майы № 76 Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-статьянын 5-бөлүгү "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "жарандык кызматчылары жана муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 62-статьянын 6-бөлүгү "эмгек укуктарынын ченемдерин" деген сөздөрдөн мурда "мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
3) 67-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"67-статья. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат ордуна дайындоо, кызмат өтөө жана кызмат ордунан бошотуу тартиби Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта кызмат орундарын ээлөө Конституцияда, мыйзамдарда жана мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте, дайындоо же шайлоо жолу менен жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат ордуна дайындоо, кызмат өтөө жана кызмат ордунан бошотуу мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
4) 69-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Тиешелүү мыйзамдарда мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды тиешелүү мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта иштөө өзгөчөлүгүн эске алуучу башка туруктуу жана убактылуу ишке ротациялоо өзгөчөлүгү белгилениши мүмкүн.";
5) 152-статьянын 1-бөлүгү "Кодекске," деген сөздөн кийин "башка ченемдик укуктук актыларга," деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 23.01.2025 · № 24
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 23.01.2025 · № 24
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Премьер-министринин 2021-жылдын 26-февралындагы № 119 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» буйругуРаспоряжение · 26.02.2021 · № 119
2 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.