504-30-статья. Бажылык ташуучу катары иш-аракеттерди мыйзамсыз жүргүзүү же ушундай иш-аракеттердин шарттарын бузуу
Күчүн жоготкон · 11.06.2004 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органынын лицензиясыз бажылык ташуучу катары иш-аракеттерди жүргүзүү, же ушундай лицензия жокко чыгарылган, кайта алынган же анын аракети токтотулган учурда, же Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органына жалган маалыматтарды камтыган документтерди берүүнүн натыйжасында алынган лицензияны бажылык ташуучунун колдонуусу, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосундардан башка, ага тете эле ушундай иш-аракеттердин башка шарттарын бузуу, - бажы ташуучусуна - эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет. Бажылык ташуучунун же анын кызматкерлеринин мыйзам тарабынан корголуучу сырды түзгөн маалыматтарды же жашырын маалыматтарды жеке максатына пайдалануу, жайылтуу жана ага ыйгарым укуксуз мамлекеттик органдарды кошкондо ушундай маалыматтарды үчүнчү адамга билдирүү, кылмыш белгилери жок болгон учурда, - бажы ташуучусуна - ондон жыйырмага чейинки, ал эми кызматкерге - эң аз айлык акынын бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Берененин тексти 11.06.2004 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
504-30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1457/st-504-30" title="504-30-статья - О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>