504-29-статья. Бажылык брокер катары иш-аракеттерди мыйзамсыз жүргүзүү же ушундай иш-аракеттердин шарттарын бузуу
Күчүн жоготкон · 11.06.2004 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Бажылык брокер катары иш-аракеттерди жүргүзүү, өзүнүн атында "бажылык брокер" деген аталышты пайдалануу, Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органынын лицензиясыз реклама же башка маалымат берүү, же болбосо ушундай лицензия жокко чыгарылган кайта чакыртылып алынган же анын аракети токтотулган учурда, же Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органынын квалификациялык аттестаты бар бажылык жол-жоболоштуруу боюнча штатта адис болбогон, же болбосо бажылык жол-жоболоштуруу боюнча иштер бажылык брокердин атынан квалификациялык аттестаты жок же квалификациялык аттестаты жок кылынган, кайра чакыртылып алынган, жараксыз деп табылган же ушундай аттестаттын аракети токтотулган адам тарабынан жасалганда, же болбосо Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын борбордук органына жалган маалыматтарды камтыган документтерди берүүнүн натыйжасында алынган, ушул статьянын экинчи бөлүгүндө каралган жосундардан башка, ага тете эле ушундай ишаракеттердин башка шарттарын бузуу, - бажы брокерине - ондон жыйырмага чейинки, ал эми адиске - эң аз айлык акынын бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет. Кылмыш белгилери жок болгон учурда, бажылык брокердин же анын кызматкерлеринин мыйзам тарабынан корголуучу сырды түзгөн маалыматтарды же жашырын маалыматтарды жеке максатына пайдалануу, жайылтуу, анын ичинде ага ыйгарым укуксуз мамлекеттик органдарды кошкондо ушундай маалыматтарды үчүнчү жактарга билдирүү, - бажы брокерине - ондон жыйырмага чейинки, ал эми адиске - эң аз айлык акынын бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Берененин тексти 11.06.2004 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
504-29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1457/st-504-29" title="504-29-статья - О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>