504-21-статья. Жалган документтерди же бажылык идентификация каражаттарын пайдалануу менен товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү
Күчүн жоготкон · 11.06.2004 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, ушул Кодекстин 504-22 жана 504-25-статьяларында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бажы органына максаттар үчүн зарыл болгон документтер катары жасалма документтерди, жараксыз документтерди, мыйзамсыз жол менен алынган документтерди, жалган маалыматтарды камтыган документтерди, же башка товарларга жана транспорт каражаттарына тиешелүү документтерди көрсөтүү менен товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү, ошондой эле идентификациянын жасалма каражаттарын же башка товарларга жана транспорт каражаттарына тиешелүү болгон идентификациянын чыныгы каражатын пайдалануу, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуулардын түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана транспорт каражаттарын конфискациялоо же ансыз эң аз айлык акынын элүүдөн жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын эки жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө, же ансыз конфискациялоо менен товардын наркынын жыйырмадан жүзгө чейинки пайызында айып салууга алып келет.
Берененин тексти 11.06.2004 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
504-21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1457/st-504-21" title="504-21-статья - О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>