504-20-статья. Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарларды бажылык контролдон жашыруу
Күчүн жоготкон · 11.06.2004 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Контрабанданын белгилери жок болгон учурда, Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүлүүчү товарларды бажылык контролдон жашыруу, башкача айтканда, товарларды табууну кыйындатуучу жашыргычтарды же башка ыкмаларды пайдалануу же бир товарга башка түр берүү, - жарандарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана мындай товарлар ташылган транспорт каражаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн пайдаланылган атайын даярдалган жашыруун жерлери бар транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз, же болбосо мындай товарларды жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эң аз айлык акынын ондон жыйырмага чейинки өлчөмүндө айып салууга; кызмат адамдарына - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана мындай товарлар ташылган транспорт каражаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн пайдаланылган атайын даярдалган жашыруун жерлери бар транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз, же болбосо мындай товарларды жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эң аз айлык акынын жетимиштен жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга; юридикалык жактарга - укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон товарларды жана мындай товарлар ташылган транспорт каражаттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүү үчүн пайдаланылган атайын даярдалган жашыруун жерлери бар транспорт каражаттарын конфискациялоо менен же ансыз, же болбосо мындай товарлардын жана транспорт каражаттарынын наркын өндүрүп алуу менен же ансыз эң аз айлык акынын эки жүздөн миңге чейинки өлчөмүндө, же болбосо товарлардын жана укук бузуунун түздөн-түз объектиси болгон мындай товарлар ташылган транспорт каражаттарынын наркынын элүүдөн жүзгө чейин пайызында айып салууга алып келет.
Берененин тексти 11.06.2004 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
504-20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1457/st-504-20" title="504-20-статья - О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>