501-статья. Аварияга учураган же айласыз күчтүн таасиринде калганда чара көрбөө
Күчүн жоготкон · 11.06.2004 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Аварияга учураганда же айласыз күчтүн таасиринде калганда ташуучунун Кыргыз Республикасынын бажы органы белгилеген жерге жеткирүүгө кабыл алган же транзит аркылуу ташылган товарларды жана (же) транспорттук каражатты сактоону камсыз кылуу үчүн чара көрбөөсү же болбосо аларды уруксатсыз пайдаланууга жол берүүсү, - жарандарга - бештен онго чейинки, кызмат адамдарына - отуздан элүүгө чейинки, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын үч жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Аварияга учураганда же айласыз күчтүн таасиринде калганда ташуучунун иштин жагдайы жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органы аныктаган жерге жеткирүүгө кабыл алынган же транзит аркылуу ташылган товарлардын жана (же) транспорттук каражаттардын турган жери жөнүндө жакынкы Кыргыз Республикасынын бажы органына кабарлабоосу же болбосо аларды жакынкы бажы органына ташууну камсыздабоосу, - жарандарга - үчтөн онго чейинки, кызмат адамдарына - ондон элүүгө чейинки, юридикалык жактарга - эң аз айлык акынын жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Берененин тексти 11.06.2004 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
501-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1457/st-501" title="501-статья - О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>