500-статья. Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен сырткары алып чыгуу ниети жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына билдирбөө же туура эмес билдирүү
Күчүн жоготкон · 11.06.2004 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы аймагынын чегинен сырткары алып чыгуу ниети жөнүндө Кыргыз Республикасынын бажы органына билдирбөө, - эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - үчкө чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын бештен онго чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын бажы органына туура эмес билдирүү, эгер мындай билдирүү Кыргыз Республикасынын бажы органы тарабынан белгиленген тартипте катталса, ошого тете товарларды жана транспорт каражаттарын көрсөтүлгөн жерге жана убакытта алып келбөө, - эскертүү берүүгө же болбосо жарандарга - үчтөн онго чейинки, кызмат адамдарына - эң аз айлык акынын ондон отузга чейинки өлчөмүндө айып салууга алып келет.
Берененин тексти 11.06.2004 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
500-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1457/st-500" title="500-статья - О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>