6-статья. Кооперативдер бирликтери
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201
1. Кооперативдер өз ишин координациялоо, ошондой эле жалпы таламдарды билдирүү жана коргоо, маалыматтык кызмат көрсөтүүнү камсыздоо жана көрсөтүү, кооперативдин мүчөлөрүн жана кызматкерлерин даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштуруу жана башка иштерди жүргүзүү максатында өз алдынча же башка юридикалык жактар менен бирдикте өз ара бирликтерди түзө алышат.
2. Кооперативдердин бирликтери кооперативдерге ушул Мыйзамдын 2-статьясында белгиленген кооперативдик принциптердин сакталышына аудитордук текшерүү жүргүзө алышат. Кооперативдик принциптердин сактоо предметине аудитордук текшерүү кооперативдин мүчөлөрүнүн таламдарынын кысымга алынышына алып келүүчү мүмкүн болуучу бузууларды болтурбоо жана кооперативдин ишинин начарлашына жол бербөө максатында кооперативдин мүчөлөрүнүн отчеттук чогулушун өткөргөнгө чейин бирлик тарабынан жүзөгө ашырылат.
Финансылык аудит аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. Бирликтер өздөрүнүн уставдык максаттарын ишке ашыруу үчүн зарыл болгондо ишкердик иш менен алектене алышат.
3. Бирликтин мүчөлөрү өз алдынчалыгын жана юридикалык жак укугун сактап калышат.
4. Бирликтин мүчөлөрү кол койгон уюмдаштыруу келишими жана алар бекиткен устав бирликтин уюмдаштыруу документи болуп саналат.
5. Бирликтин мүчөсү финансылык жыл аяктагандан кийин өзүнүн каалоосу боюнча бирликтен чыгып кетүүгө укуктуу. Мында ал өзүнүн чыгуу ниети жөнүндө бирликтин аткаруу органына чыгаардан кеминде 12 ай мурда жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш. Мындай учурда ал бирликтен чыгып кеткенге чейинки мезгилдеги бирликтин милдеттенмелери боюнча бирликтен чыккан убактан баштап 2 жылга чейин өзүнүн кошкон мүчөлүк акысына пропорциялуу субсидиялык жоопкерчиликти көтөрөт.
6. Бирликтин мүчөсү бирликтин калган мүчөлөрүнүн чечими боюнча бирликтин уставында белгиленген учурларда жана тартипте бирликтен чыгарылышы мүмкүн. Бирликтен чыгарылган мүчөсүнүн жоопкерчилиги жагында бирликтен ыктыярдуу чыгууга тиешелүү эрежелер колдонулат.
7. Бирликке жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу бирликтин уставында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
8. Бирликтин фирмалык аталышы ишинин негизги предметине көрсөтмөнү жана "бирлик" деген сөздү камтууга тийиш.
9. Турак жай-курулуш кооперативдерин жана өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдерин бириктирүүчү кооперативдер бирлиги мүчөлүк уюмдарга финансылык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча талаптарды белгилөөгө жана алардын аткарылышын контролдоого укуктуу.
(КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1456/st-6" title="6-статья - Кооперативдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>