51-статья. Турак жай, турак жай-эксплуатациялык же турак жай-курулуш кооперативдерин түзүүнүн жана ишинин өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
1. Өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативдери жашоо үчүн багытталган кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн гана түзүлөт. Иштин башка түрлөрү каралбайт.
2. Өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативинин фирмалык аталышы "өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативи" деген сөздөрдү камтышы керек.
3. Турак жай, турак жай-эксплуатациялык же турак жай-курулуш кооперативинин мүчөсүнүн үлүштүк мүчөлүк акысы кооперативдин үлүштүк фондуна акчалай эквивалентте төлөнөт. Акчалай баага ээ болгон мүлк үлүштүк мүчөлүк акы катары салынышы мүмкүн. Үлүштүк фонддун максаттуу багыты - кооперативдин мүчөлөрү үчүн турак жай сатып алуу же куруу үчүн гана. Үлүштүк фонддун эсебинен кооперативдин чыгымдарын жабуу же аны карап күтүү каралбайт.
(КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
51-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1456/st-51" title="51-статья - Кооперативдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>