7-статья. Мамлекет жана кооперативдер
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
1. Кыргыз Республикасы кооперативдердин жана алардын мүчөлөрүнүн укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын кепилдейт. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кооперативдердин өнүгүүсүнө жана чыңдалышына көмөк көрсөтөт, финансылык-кредиттик уюмдар кооперативдерге кредиттик натыйжалуу кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.
2. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда, кооперативдердин чарбалык ишине кийлигишүүгө жана финансылык иштерине текшерүү жүргүзүүгө укуксуз.
3. Мамлекеттик жана башка органдардын, болбосо алардын кызмат адамдарынын кооперативдин укугун бузган мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында, ошондой эле мындай органдардын, болбосо алардын кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кооперативдерге карата белгиленген милдеттерди тийиштүү түрдө аткарбагандыгынын натыйжасында кооперативге келтирилген чыгымдар ал органдар тарабынан орду толтурулууга тийиш. Андай чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө талаштар сотто каралат.
II глава Кооперативди түзүү
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1456/st-7" title="7-статья - Кооперативдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>