5-статья. Айыл чарба кооперативдерин түзүүнүн өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
1. Айыл чарбалык өндүрүш кооперативдеринин мүчөлөрүнүн жер участоктору (үлүштөрү) алардын менчигинде калат жана кооперативдерге ижарага гана берилиши мүмкүн. Ижара акысынын өлчөмү жана ижаранын шарты тараптардын макулдашуусунда аныкталат.
2. Кооператив менен кооператив мүчөсүнүн ортосундагы жер участогун (үлүштөрүн) ижаралоо келишимин кайра кароонун шарттары жер участогунун ээси кооперативден чыгарылган учурда каралышы мүмкүн.
3. Айыл чарба кооперативинин мүчөсүнүн үлүштүк мүчөлүк акысы кооперативдин үлүштүк фондуна акчалай төгүлөт. Үлүштүк мүчөлүк акы катары мал, айыл чарба техникасы, ошондой эле акчалай наркы бар башка мүлктүк объекттерди кошууга болот.
4. Айыл чарба кооперативдери төмөнкүдөй иштердин түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн түзүлүшү мүмкүн:
1) өндүрүштүк кооператив - айыл чарба продукцияларын (өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбалык) өндүрүү боюнча биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн кооператив.
2) кайра иштетүүчү кооператив - айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча түзүлгөн кооператив.
3) сервиздик кооператив - айыл чарба продукцияларын сатуучу, ошондой эле аны сактоону, сорттоону, таңгактоону, кургатууну, жууп-тазалоону, бөлүштүрүп салууну жана ташууну, мелиорациялык, транспорттук, курулуш, ветеринардык жактан тейлөөнү, жер семирткичтерди жана химикаттарды колдонуу боюнча иштерди, илимий-консультациялык, маалыматтык, маркетингдик жана башка кызматтарды көрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу кооператив.
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка иштердин түрлөрүн.
5. (КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 45 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Мурдагы колхоздор менен совхоздордун мүлктүк комплексинин базасында иштеген мурдагы колхоздор менен совхоздорго таандык турак-жай имараттары кооперативдердин менчиги болуп саналышпайт жана турак жайды менчиктештирүү жөнүндөгү колдонуудагы мыйзамдарга ылайык менчиктештирүүгө жатат.
(КР 2007-жылдын 12-июнундагы № 85, 2023-жылдын 3-мартындагы № 45 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Решение Конституционного суда КР от 10 апреля 2008 года (по ходатайству сельскохозяйственного кооператива "Дружба" о признании пунктов 5 и 6 статьи 5 Закона КР "О кооперативах"…Решение · 10.04.2008
- (Русский) Решение от 10 апреля 2008 годаРешение Конституционного суда · 11.06.2004
- Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелериПравила · 15.02.2011 · № 49 · Күчүн жоготкон
- Практическое руководство по государственной регистрации прав и обременений (ограничений) прав на недвижимое имущество и сделок с ним (Утверждено приказом Государственного…Руководство · 27.07.2005 · № 107 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябры № 493 "Керек-жарак кооперативи жөнүндө" жана "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Постановление · 09.09.2013 · № 493 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1456/st-5" title="5-статья - Кооперативдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>