23-статья. Кооперативдик кеңешинин мүчөлөрүнүн жана башкармалыгынын мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201
1. Кооперативдин кеңешинин мүчөлөрү жана башкармалыгынын мүчөлөрү кооперативдин кызыкчылыгында ак ниеттүүлүк жана акыл-эстүүлүк менен иш жүргүзүүгө тийиш. Алар өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу өздөрүнө белгилүү болуп калган кооперативдин кызматтык жана коммерциялык сырын түзгөн маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө тийиш.
2. Кооперативдин кеңешинин мүчөлөрүнүн жана башкармалыгынын мүчөлөрүнүн өз милдеттерин ак ниетсиз аткаруусунун, кеңештин мүчөлөрү жана башкармалыктын мүчөлөрү анын жыйынтыгында негизсиз байыган бүтүмдү жасоосунун кесепетинен улам, ошондой эле алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана кооперативдин уставын бузган учурда кооперативге келтирилген чыгымдардын орду кооперативге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте толтурулуп берилүүгө тийиш.
(КР 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1456/st-23" title="23-статья - Кооперативдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>