22-статья. Кооперативдин аткаруу органы
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
1. Кооперативдин башкармалыгы кооперативдин учурдагы иштерин жүзөгө ашыруучу, чарбалык жана башка мамилелерде кооперативдин атынан чыгуучу кооперативдин аткаруу органы болуп саналат.
Башкармалык кооперативдин кеңешине жана кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна отчет берет.
2. Кооперативдин аткаруу органдарын түзүү жана кайра чакыртып алуу кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу тарабынан жүзөгө ашырылат. Мүчөлөрүнүн саны 50гө чейинки кооперативдерде башкармалыктын мүчөлөрүнүн саны үчтөн кем болбоого, мүчөлөрүнүн саны 50дөн ашкан кооперативдерде - жетиден кем болбоого тийиш.
3. Кооперативдин башкармалыгынын мүчөлөрү кооператив мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу же кеңеши тарабынан кайсыл гана убакта болбосун ушул статьянын 2-пунктунун талаптарын эске алуу менен четтетилиши мүмкүн.
4. Башкармалыкты кооперативдин башкармалыгынын төрагасы жетектейт.
5. Кооперативге мүчө эместер дагы башкармалыкка төрага же мүчө боло алышат.
6. Кооперативдин ишин оперативдүү башкаруу маселелери, кооперативдин башкармалыгынын мүчөлөрүн жана (же) анын төрагасын шайлоонун (дайындоонун) жана милдетин аткаруудан четтетүүнүн, башкармалыктын курамын өзгөртүүнүн тартиби, алардын ыйгарым укуктары, шайлануучу мөөнөтү, башкармалыктын мүчөлөрүнүн жана анын төрагасынын милдеттери кооперативдин уставында жана анын ички актыларында аныкталат.
7. Кооператив тарабынан башкармалыктын мүчөлөрүнө доо талап коюлган учурда, кооперативдин таламдарынын атынан кооперативдин жалпы чогулушунда ыйгарым укук берилген адам чыга алат.
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1456/st-22" title="22-статья - Кооперативдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>