24-статья. Кооперативдин ишин контролдоо
Күчүндө · 21.10.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 ноября 2023 года № 201
1. Кооперативдин финансылык жана чарбалык ишине контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу кооперативдин экиден кем эмес курамдагы текшерүү комиссиясын шайлайт. Кооперативдин текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү кооператив кеңешинин жана аткаруу органдарынын мүчөлөрү боло алышпайт.
Соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар кооперативдин текшерүү комиссиясынын тутумуна кире алышпайт, ошондой эле кооперативдин башкармалыгында жана кеңешинде материалдык жоопкерчиликке байланыштуу башка кызмат орундарды ээлей алышпайт.
2. Текшерүү комиссиясы кооперативдин мүчөлөрүнүн таламдарынын кысымга алынышына, кооперативдин ишинин начарлашына же анын банкрот болушуна алып келүүчү мүмкүн болгон эреже бузуулардын алдын алуу максатында кооперативдин финансылык-чарбалык ишин текшерүүнү, ошондой эле кооперативдин бүткүл ишинин ушул Мыйзамга жана башка ченемдик актыларга шайкештигин текшерүүнү жүзөгө ашырат. Текшерүү комиссиясы текшерүү жүргүзүүгө квалификациялуу адисти тартууга укуктуу. Турак жай-курулуш кооперативине жана өз ара жардамдашуунун турак жай-топтомо кооперативине текшерүү жүргүзүүдө текшерүү комиссиясы текшерүү жүргүзүүгө көз карандысыз аудитордук уюмду (аудиторду) тартууга милдеттүү.
3. Кооперативдин текшерүү комиссиясы финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча кооперативдин финансылык абалын текшерүүнү жүзөгө ашырат, кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун, кооперативдин кеңешинин тапшыруусу же кооперативдин мүчөлөрүнүн 10 пайыздан кем эмесинин талабы боюнча, ошондой эле өзүнүн жеке демилгеси боюнча кооперативдин финансылык-чарбалык ишине текшерүү жүргүзөт.
4. Кооперативдин текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү текшерүү үчүн кооперативдин кеңешинен жана башкармалыгынан кандай зарыл документтер болбосун берүүнү талап кылууга укуктуу.
5. Кооперативдин текшерүү комиссиясы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кооперативдин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун, кооперативдин башкармалыгынын жана кооперативдин кеңешинин кароосуна жазуу жүзүндөгү корутундуну берет.
6. Кооперативдин ишин ревизиялык текшерүүнүн натыйжалары 7 күндүн ичинде кооперативдин башкармалыгынын жана кооперативдин кеңешинин биргелешкен жыйналышында талкууланат, андан кийин кооперативдин мүчөлөрүнүн кезектеги же кезексиз жалпы чогулушунда каралат.
7. Кооперативдин иши ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 3-пунктуна ылайык тышкы аудитордук текшерүүгө алынышы мүмкүн. Мындай учурда аудитордук уюмду (аудиторду) тандоо кооперативдин кеңеши же кооперативдин текшерүү комиссиясы тарабынан (эгерде кооператив ишин кеңеш түзбөстөн жүзөгө ашырса) жүзөгө ашырылат. Мында аудитордук уюмду (аудиторду) тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт.
8. Турак жай-курулуш жана турак жай-топтомо кооперативинде кооперативдин бухгалтердик эсебин жүргүзүү жана бухгалтердик (финансылык) отчеттуулугу аудитордук уюм (аудитор) тарабынан ар жыл сайын текшерилүүгө тийиш.
(КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 45, 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
V глава Кооперативдин мүлкү жана капиталы
Берененин тексти 21.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 21-статья. Кооперативдин ишин контролдоо
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1456/st-24" title="24-статья - Кооперативдер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>