65-статья. Сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу Мамлекеттик
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 9-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июля 2011 года № 88
органда даттанууну кароонун жол-жобосу
1. Эгерде жөнөтүүчүнун (подрядчынын) даттануусу четке кагылбаса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган укуктук коргонуунун төмөндөгүдөй каражаттарынын бирин же бир нечесин берүүгө укуктуу:
сатып алуучу уюм тарабынан мыйзамсыз аракеттерди жасоого же мыйзамсыз чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз жол-жоболорду колдонууга тыюу салат; сатып алуучу уюмдун мыйзамсыз чечимин толук же жарым-жартылай жокко чыгарат; сатып алуучу уюмдун тооруктун жол-жоболорунун шарттарын бузган мыйзамсыз чечимин жокко чыгарат; даттануу берген жөнөтүүчү (подрядчы) тарабынан тартылган чыгымдардын ордун толтурууну сатып алуучу уюмга милдеттендирет, мындай чыгымдарга сатып алуучу уюм тарабынан мыйзамсыз аракеттердин же чечимдердин натыйжасында, ал тарабынан мыйзамсыз жол-жобону пайдалануунун натыйжасында алынбай калган киреше (колдон чыгарылган пайда) киргизилбейт; сатып алуу жол-жоболорун токтотуу жөнүндө чечим чыгарат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 7 жумуш күндүн ичинде даттануу боюнча жазуу жүзүндө жүйөлүү чечим чыгарат жана аны кызыкдар тараптарга жөнөтөт. Чечим төмөнкүлөрдү камтыйт:
- чечим кабыл алуунун жүйөлөрүнүн негиздемеси;
- даттануу толук же жарым-жартылай канааттандырылган учурда баяндалган талаптарды канааттандырууга багытталган чаралар.
3. Эгерде чечимге ушул Мыйзамдын 67-статьясына ылайык сот тартибинде даттанылбаса, ал акыркы чечим болуп эсептелет.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даттанууну алгандыгы тууралу сатып алуучу уюмга токтоосуз билдирет.
5. Эгерде даттануу аны берген жөнөтүүчү (подрядчы) даттануу берүү үчүн негиз болгон жагдайлар жөнүндө билген же билүүгө тийиш болгон учурдан тартып 15 күн өткөндөн кийин, ошондой эле сатып алуулар жөнүндө келишим түзүлгөндөн кийин берилсе даттануу каралбайт. Мындай учурда даттануу ушул Мыйзамдын 67-статьясына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
65-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-65" title="65-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>