Аккаунтту тууралаңыз

64-статья. Сатып алуучу уюмдун иш-аракеттери

Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 9-Глава

Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.

64-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?

ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.

Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.

Берененин өзгөртүүлөр тарыхы

Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.

  1. Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""Редакцияларды салыштыруу
08.07.2011 редакциясында эмне өзгөрдү

Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.

кошулду: Сатып алуучу уюмдун иш-аракеттери 1. Сатып алуулар жөнүндөгү келишимге кол коюлганга чейин жөнөтүүчү (подрядчы) себептерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү даттанууну сатып алуучу уюмга берүүгө укуктуу. 2. Даттануу берүү үчүн негиз болгон жагдайлар жөнүндө жөнөтүүчү (подрядчы) билген күндөн же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып 10 күндүн ичинде даттануу берилиши мүмкүн. 3. Сатып алуучу уюм даттанууну ал берилген күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде карайт. 4. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча сатып алуучу уюм жазуу жүзүндө чечим чыгарат, анда мына булар көрсөтүлүүгө тийиш: - чечим кабыл алуунун себептеринин негиздемеси; - даттануу толук же жарым-жартылай канааттандырылганда баяндалган талаптарды канаттандырууга багытталган чаралар. 5. Эгерде ушул статьянын 3-пунктунда белгиленген мөөнөттө сатып алуучу уюм тарабынан чечим чыгарылбаса, же болбосо жөнөтүүчү (подрядчы) кабыл алынган чечимге канааттанбаса, ал ушул Мыйзамдын 65 же 67-статьяларына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, андан кийин жалпы юрисдикциядагы сотко кайрылууга укуктуу. Мындай даттануу берилген учурдан тартып талаш-тартышты кароо сатып алуучу уюмдун компетенциясына кирбей калат. 6. Эгерде ушул Мыйзамдын 65 же 67-статьяларына ылайык териштирүү башталбаса, сатып алуучу уюмдун чечими акыркы чечим болуп эсептелет. (КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Документте редакцияларды толук салыштыруу

Берененин байланыштары

Берене шилтеме берет

Беренеге шилтеме бергендер

Беренени өз сайтыңызга кошуу

Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:

<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-64" title="64-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>