14-статья. Мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 2-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июля 2013 года № 147
1. (Биринчи абзац КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Экинчи абзац КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыккан жобонун негизинде электрондук системанын жардамы менен соода уюштурууга укуктуу.
2. (КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги иш-милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат:
- мамлекеттик сатып алуулардын тутумунун иштеши үчүн сатып алуунун тартибин жана жол-жоболорун, келишимдерди түзүүнү жана алар боюнча төлөп берүүнү камтыган ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу;
- мамлекеттик каражаттын эсебинен товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууларды жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана жөнгө салып туруу;
- сатып алуучу уюмдардын, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишимдердин, мамлекеттик сатып алуулардын ишенимсиз жана ак ниет эмес катышуучуларынын бирдиктүү республикалык реестрин түзүү жана жүргүзүү;
- мамлекеттик органдарга товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууда, сатып алуулардын жол-жоболору жана консультациялык кызмат көрсөтүү боюнча персоналдарды окутууну камтуу менен көмөк көрсөтүү;
- сатып алуулардын жол-жоболорунун ачыктыгын жана маалымдуулугун камсыз кылуу;
- даттанууларды жана нааразылыктарды кароо, алар боюнча өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы мыйзамдарда каралган корутундуларды чыгаруу.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сатып алуулар жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууларды тапканда ушул Мыйзамдын 65-статьясынын 1-пунктунун экинчи-алтынчы абзацтары менен каралган ченемдерди колдонууга, сатып алуучу уюмдарга бузууларды жоюуну сунуш кылууга жана жол берилген бузуулар жөнүндө тиешелүү органдарга кабарлоо жиберүүгө милдеттүү.
5. (КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Өз компетенциясынын чегинде чыгарылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын актылары бардык министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик уюмдар менен мекемелер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.
(КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 172, 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 , 2013-жылдын 17-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 17 июля 2013 года № 147 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2008 года № 172 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
17.07.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…8-июлундагы № 88 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Ыйгарым укуктуу кошулду: мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү иштеп чыккан жобонун негизинде … колдонууга, сатып алуучу уюмдарга бузууларды жоюуну сунуш кылууга алынып салынды: же кошулду: жана жол берилген бузуулар жөнүндө тиешелүү органдарга кабарлоо жиберүүгө … бардык министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү алынып салынды: бийлик кошулду: өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик уюмдар менен мекемелер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылат.
(КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 172, 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 кошулду: , 2013-жылдын 17-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралууЗакон · 08.07.2011 · № 88 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-14" title="14-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>