58-статья. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 8-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июля 2011 года № 88
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускамага ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда келишим (контракт) катталган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелген, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин келишимдерин албаганда, мамлекеттик сатып алуулардын келишими ага тараптар кол койгон датадан тартып күчүнө кирет.
2. Келишим түзгөн жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) аталышы жана дареги жана баасы көрсөтүлгөн келишим түзүлгөндүгү тууралу кабарлама ал түзүлгөн күндөн кийин 3 күндүн ичинде сатып алуулардын жол-жоболоруна катышкан бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) берилет.
3. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү келишимдерге Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылары колдонулат.
4. Мамлекеттик сатып алуулардын келишими жазуу жүзүндө түзүлөт. Тараптар ага кол койгондон кийин үч күндүн ичинде келишимдин наркы тууралу маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
5. Эң аз чектелген суммадан төмөн нарктадагы товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурда сатып алуучу уюм тарабынан жумшалган чыгымдарды (төлөм тапшырмалары, эмгек макулдашуулары, сатып алынган товарлар жөнүндөгү актылар ж.б.) тастыктаган документтер сатып алуучу уюмда сакталат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын талабы боюнча берилет.
6. Сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим түзүлгөн күндөн кийин 5 жумуш күндүн ичинде төмөнкү маалыматтарды камтыган маалыматты Мамлекеттик сатып алуулар бюллетенинин сайтында жайгаштырууга тийиш:
- жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) аталышы жана юридикалык дареги;
- өткөрүү датасы;
- сатып алынган товар жөнүндө маалымат (параметрлери, товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги, комплектациясы, өзгөчөлүгү жана башка талаптар);
- товардын бирдиги үчүн баа;
- сатып алуулардын жалпы суммасы.
(КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
58-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""Редакцияларды салыштыруу
08.07.2011 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим
1. алынып салынды: Мамлекеттик кошулду: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген нускамага ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда келишим (контракт) катталган күндөн тартып түзүлдү деп эсептелген, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин келишимдерин албаганда, мамлекеттик сатып алуулардын келишими ага тараптар кол койгон алынып салынды: күндөн кошулду: датадан тартып күчүнө кирет.
2. Келишим түзгөн жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) … берилет.
3. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү келишимдерге Кыргыз алынып салынды: Респуб-
ликасынын кошулду: Республикасынын Граждандык кодексинин, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз алынып салынды: Республика-
сынын кошулду: Республикасынын дагы башка ченемдик укуктук актылары колдонулат.
4. Мамлекеттик сатып … Тараптар ага кол койгондон кийин үч күндүн ичинде келишимдин наркы алынып салынды: туу-
ралу кошулду: тууралу маалымат алынып салынды: Мамлекеттик кошулду: ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
5. алынып салынды: Эњ кошулду: Эң аз чектелген суммадан төмөн нарктадагы товарларды, алынып салынды: жумуштар-
ды кошулду: жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган учурда сатып алуучу уюм алынып салынды: тара-
бынан кошулду: тарабынан жумшалган чыгымдарды (төлөм тапшырмалары, эмгек макулдашуулары, сатып … ж.б.) тастыктаган документтер сатып алуучу уюмда сакталат жана алынып салынды: Мамлекеттик кошулду: ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын талабы боюнча берилет.
кошулду: 6. Сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө келишим түзүлгөн күндөн кийин 5 жумуш күндүн ичинде төмөнкү маалыматтарды камтыган маалыматты Мамлекеттик сатып алуулар бюллетенинин сайтында жайгаштырууга тийиш:
- жөнөтүүчүнүн (подрядчынын) аталышы жана юридикалык дареги;
- өткөрүү датасы;
- сатып алынган товар жөнүндө маалымат (параметрлери, товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги, комплектациясы, өзгөчөлүгү жана башка талаптар);
- товардын бирдиги үчүн баа;
- сатып алуулардын жалпы суммасы.
(КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 13 июля 2012 года № 491 "О проектах законов Кыргызской Республики"Постановление · 13.07.2012 · № 491 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-58" title="58-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>