Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
57-статья. Жекече консультанттарды тандап алуу
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 7-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2008 года № 172
1. Сатып алуучу уюм жеке консультанттарды жалпыга маалымдоо каражаттары жана мамлекеттик сатып алуулардын Бюллетени аркылуу төмөндөгүдөй учурларда тапшырмаларды аткарууга чакырат, эгерде:
- адистердин тобун жалдоо зарылчылыгы болбосо;
- башка жактан кошумча маалымат алуу зарылчылыгы болбосо;
- жеке адамдын тажрыйбасы жана квалификациясы негизги талап болуп саналса.
2. Жеке консультанттарды тандап алуу айкын тапшырманы аткаруу үчүн алардын тажрыйбасын жана квалификациясын эске алуу менен жүргүзүлөт. Консультанттар тапшырманы аткарууга кызыккандардын ичинен тажрыйбасын жана квалификациясын салыштыруу жолу менен же сатып алуучу уюм кайрылгандардын арасынан тандалып алынат.
3. Сатып алуучу уюм тарабынан жалданган жеке адамдар квалификациялык талаптарга жооп берүүгө тийиш жана тапшырманы аткара билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Алардын мүмкүнчүлүгү алган билимине, тажрыйбасына жана квалификациясына жараша бааланат.
4. Сатып алуучу уюм жекече консультанттарды төмөндөгүдөй учурларда гана конкурссуз (бир жерден тандап алуу усулу боюнча) тандап алышы мүмкүн, эгерде:
(а) тапшырма конкурстук негизде тандалып алынган консультанттын аткарган мурдагы ишинин уландысы болсо; (б) тапшырманын узактыгы 3 айдан азыраак болсо; (в) форс-мажордук кырдаал жагдайдын кесепетинен өзгөчө мүнөзгө ээ болсо; (г) жеке адам бул аткара турган квалификациясы жана тажрыйбасы бар жападан-жалгыз консультант болсо. (КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-57" title="57-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>