47-статья. Консультанттар үчүн маалымат
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 6-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2008 года № 172
1. Консультанттар үчүн маалыматта төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
- тапшырманын кыскача сыпаттамасы, техникалык жана финансылык сунуштардын типтүү формалары;
- керек болгон учурда түшүндүрүп берүүсүн суранып, консультанттардын өкүлдөрүнө кайрыла турган кызматкерлердин аты-жөнү жана координаттары;
- тандап алууда колдонулуучу жол-жоболордун кеңири сыпаттамасы, анын ичинде: техникалык жактан баа берүүнүн чен-өлчөмдөрүн санактоо, финансылык жактан баа берүүнүн кеңири сыпаттамасы, сапаты боюнча өткөрүлүүчү эң аз балл, финансылык сунуштарды көпчүлүктүн алдында ачкан учурдагы маалыматтар;
- консультанттар үчүн керектелүүчү негизги кызматкерлердин убактысын эсептешүү чыгымдары;
- сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү;
- ушул Мыйзамдын 5-статьясына ылайык таламдардын кагылышууларынан улам кызмат көрсөтүүлөрдүн келишими түзүлгөндөн кийин консультант жана анын туунду мекемелеринин ар кандайы аталган долбоор боюнча сатып алуулардын жол-жоболоруна катышууга укугу жоктугу тууралу билдирүү;
- сунуштарды берүүнүн ыкмасы, анын ичинде техникалык жана финансылык сунуштарды ар башка конверттерге салып берүү жөнүндөгү талаптар;
- чакырылган консультанттарга сунуш берүүгө Чакыруу кагазын алгандыгын тастыктаган жана өз сунуштарын сатып алуучу уюмга берер-бербестигин билдирип коюусун суранган өтүнүч;
- сунуштар күчүндө боло турган мөөнөттө консультанттар сунуш кылуучу негизги кызматкерлердин курамына өзгөртүү киргизүү укугунун жоктугун жана сунуш кылынган ставкаларды жана жалпы бааны кармоо жөнүндө билдирүү;
- башта караштырылгандай, консультанттык тапшырманы аткарууга кирише турган болжолдуу күнү;
- сатып алуучу уюм тарабынан көрсөтүлө турган кызмат көрсөтүүлөр, имарат-жайлар, жабдуулар жана кызматкерлер жөнүндөгү толук маалымат;
- эгерде тапшырманы улантууну болжолдоштуруу зарылчылыгы туулса, тапшырманын этаптарынын сыпаттамасы;
- сунуш берүүгө Чакыруу кагазында көрсөтүлгөн маалыматты түшүндүрүү жөнүндө суроо-талап берүүнүн тартиби;
- тапшырманын бир бөлүгүнө субподряддардын келишимин түзүү шарттары.
2. Сатып алуучу уюм консультанттардын белгилүү категориялары үчүн билдирүүгө кошумча маалыматтарды киргизе алат.
(КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 172 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-47" title="47-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>