Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
48-статья. Сунуштарды берүү жана ачуу
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 6-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
1. Сатып алуучу уюм сунуштар бериле турган акыркы мөөнөттүн так күнүн жана убактысын белгилейт, бирок ал сунуштарды берүүгө чакыруу кагаз жөнөтүлгөн күндөн кеминде 4 жумадан кем болбойт.
2. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө 10 күн калганда консультант сатып алуучу уюмдан сунуштарды берүү үчүн жөнөтүлгөн чакыруу кагазында айтылган маалыматтарды түшүндүрүп берүүнү сурай алат. Сатып алуучу уюм 3 жумуш күнүнөн кечиктирбей мындай суроо-талапка жооп берүүгө жана берилген түшүндүрмөлөрдүн көчүрмөсүн кыскача тизмеге киргизилген бардык консультанттарга жөнөтүүгө тийиш. Зарылчылык туулса, сатып алуучу уюм сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн узарта алат.
3. Сунуштарды берүүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин техникалык жана финансылык сунушка түзөтүүлөр кабыл алынбайт. Техникалык жана финансылык сунуштар бир эле мезгилде ар башка конверттерге салынып чапталып берилүүгө тийиш.
4. Сунуштарды берүүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин техникалык сунуштар салынган конверттер тендердик комиссия тарабынан дароо ачылат жана бардык негизги маалыматтар сунуштарды ачуу протоколуна киргизилет.
5. Финансылык сунуштардын конверти ачылбайт жана бөлүмгө берилет, ал жерде ачылганга чейин сакталат.
6. Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү бүткөндөн кийин алынган сунуштар ачылбайт жана консультанттарга кайтарып берилет.
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-48" title="48-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>