23-статья. Тендердик табыштамаларды берүүнүн мөөнөттөрү
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июля 2011 года № 88
1. Сатып алуучу уюм тендердик табыштамаларды берүүнүн так күнүн жана акыркы мөөнөттүн убактысын белгилейт. Тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктагандан кийин алынган тендердик табыштама ачылбайт жана аны берген жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) кайтарып берилет.
2. Сатып алуучу уюм тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн белгилейт, ал:
чектелбеген катышуу менен тооруктун жол-жоболорун жүзөгө ашырганда тоорук жарыялангандан кийин кеминде 3 жуманы; чектелген катышуу жана ички тооруктар менен тооруктун жол-жоболорун жүзөгө ашырганда тоорукка катышууга чакыруу кагаз жөнөтүлгөн күндөн тартып жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Мамлекеттик сатып алуулардын бюллетенине кулактандыруу жарыялангандан тартып кеминде 2 жуманы тузүүгө тийиш.
3. Тендердик табыштама жазуу жүзүндө жана чапталган конвертте берилет. Тендердик табыштама тендердик документтерде көрсөтулгөн ар кандай формада альтернативалуу түрдө берилиши мүмкүн, ал табыштаманын кимден келип жатканын так аныктоого мүмкүндүк берет. Сатып алуучу уюм тендердик табыштамаларды ушул Мыйзам менен белгиленген мөөнөттө кабыл алууга милдеттүү. Тендердик табыштаманы алгандан кийин сатып алуучу уюм жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) тендердик табыштаманын алынган күнүн жана мезгилин көрсөтүү менен тил кат берет.
4. Сатып алуучу уюм тендердик документтерге кандайдыр бир түшүндүрмө берген же өзгөртүү киргизген учурларда ал жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) өзүнүн тендердик табыштамаларына киргизилген өзгөртүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алышы үчүн атайын убакыт берип, тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүн узарта алат.
5. (КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 172 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
(КР 2008-жылдын 28-июлундагы № 172, 2011-жылдын 8-июлундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 8 июля 2011 года № 88 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2008 года № 172 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственных закупках"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуЗакон · 28.07.2008 · № 172 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-23" title="23-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>