Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
22-статья. Тендердик документтерди түшүндүрүү жана өзгөртүү
Күчүн жоготкон · 03.04.2015 редакциясы · 3-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 3 апреля 2015 года № 72.
1. Жөнөтүүчү (подрядчы) тендердик документтерге түшүнүк берүү жөнүндө сатып алуучу уюмга суроо-талап бере алат. Сатып алуучу уюм 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен мындай суроо-талапка жооп берүүгө жана суроо-талаптын булагын билдирбестен тендердик документтерин беришкен бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) түшүнүк берүүгө тийиш.
2. Өзгөчө учурларда сатып алуучу уюм тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейинки ар кандай убакта толуктоо басып чыгаруу аркылуу тендердик документтерди өзгөртө алат. Толуктоо токтоосуз түрдө бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) билдирилет жана мындай жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) үчүн милдеттүү күчкө ээ болот.
3. Эгерде сатып алуучу уюм жөнөтүүчүлөр (подрядчылар) менен тендердик документтер жагындагы кандайдыр бир маселелерди түшүндүрүү үчүн жолугушуу өткөрсө, ал тендердик документтерге түшүнүк берүү жөнүндө ушул жолугушуунун жүрүшүндө берилген суроо-талаптарды, ошондой эле алардын булагын көрсөтпөстөн, бул суроо-талаптарга берилген жоопторду камтыган протокол түзөт. Протокол токтоосуз түрдө тендердик табыштама алышкан бардык жөнөтүүчүлөргө (подрядчыларга) берилет.
Берененин тексти 03.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1455/st-22" title="22-статья - Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>